Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:56
Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму. 22-январь
Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму. 22-январь

Анкарада кыргыз-түрк бизнес форуму өттү

21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында башталган кыргыз-түрк ишкерлеринин эки күндүк бизнес форуму соңуна чыкты.

Форумдун негизги максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандан жүздөн ашык, Түркиядан 150гө жакын ишкер катышат. Алар эки күн ичинде тажрыйба алмашуу, инвестиция тартуу жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Форумга экономика министри Арзыбек Кожошев да катышат. Бул иш-чара 4-ирет өтүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары Кыргызстан достук жана кызматташтык уюму, ЖИА, эки өлкөнүн өнөр жай жана соода палаталары, экономика министрлиги менен элчиликтери саналат.

16:38 21.1.2016

Кыргыз-түрк ишкерлер форумунда үч келишимге кол коюлду

Кыргыз-түрк форумунда эки тараптуу кызматташуу боюнча үч келишимге кол коюлду. Документтер Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Түркиянын бажы жана соода министрлиги жана соода, өнөр жай палаталары ортосунда түзүлдү.

Макулдашууларда эки өлкөнүн соода экономикалык кызматташтыгын арттыруу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү жана Түркиянын модели боюнча Кыргызстанда өнөр жай аймактарын куруу маселеси каралган.

21-январда Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин эки күндүк бизнес форуму башталды. Анын максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандан экономика министри Арзыбек Кожошев баштаган жүздөн ашык мамлекеттик кызматкерлер жана ишкерлер, Түркиядан 150гө жакын өкүл катышууда.

16:40 21.1.2016

Элчи Ибрагим Жунусов: Чакан жана орто бизнес экономиканын өзөгү

Ибрагим Жунусов: Чакан, орто бизнес - экономиканын өзөгү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

17:02 21.1.2016

Кыргыз-түрк бизнес форуму суроо-жооп иретинде улантылып жатат. Түрк ишкерлеринин суроосуна Экономика министрлигинин тышкы инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Сазыков жооп берүүдө.

17:04 21.1.2016

Түрк бизнесмендер Кыргызстанга айыл чарба техникалары, курулуш, IT технологиялар жаатында инвестиция салууга кызыкдарлыгын билдиришүүдө. Алар “Манас” аэропортуна хаб, технопарк куруу иштерине катышууга даяр. Бирок ишкерлер Кыргызстанга кайсы тармакка инвестиция керек экени тууралуу маалыматтар аз экенине нааразы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG