Чоң-Алайдын Сары–Могол айылында 25 жаштагы ишкер Абдилла Ташбеков беш-алты жылдан бери чет өлкөлүк саякатчыларды тосуу менен киреше таап келет. Облус борбору Оштон 220 чакырым алыс жайгашкан тоо арасындагы кичинекей айылга быйыл 400 турист тартып келген. Ал англисчени кагаз-китеби жок эле үйрөнүп алган.
Англисчени китепсиз үйрөнгөн Абдилла

1
Тоодогу саякат жолдорунун картасын чоң кагазга өзү чийип, түзүп чыккан экен.

2
Абдилла Ташбековдин айылдагы чакан фирмасы негизинен тоо туризмине багытталган.

3
Ал чыт курсак кезинде далай жолу мал караган тоолорду эми минтип чет өлкөлүктөргө көрсөтүп жүрөт.

4
Аңглисче суудай сүйлөгөн Абдилла тоо арасында өсүп, окубай эле чет тил үйрөнгөн. Себеби саякатчы тейлөөнүн алгачкы артыкчылыгы тил билүү дейт.

5
Абдилла болгону 25 жашта.

6
Алгач ишти баштоого атасы Умар Ташбеков түрткү болуп, азыркыга чейин жардамдашып келет. Апасы Неберехан меймандардын тамагын, жаткан жерин белендейт, иниси Дүйшөбай аттарды даярдайт. Өзү болсо шаардагы туристтик фирмалар менен интернеттен байланышып, кардар табат.

7
Чоң-Алайдын күчүктөрү

8
Көбүнчө алыстан келгендер Кыргызстандагы бийиктиги боюнча экинчи турган Сары–Могол айылына жакын жайгашкан Ленин чокусуна кызыгышат.

9
Аларды атайын салынган беш бөлмөлүү конок үйүнө жайгаштырып, өз турларын сунуштайт. Жатакана акысы бир адамга 800 сом, ал эми калган кызматтар сүйлөшүү түрүндө.

10
Чоң-Алай районунун Сары-Могол айылында миңге жакын түтүн бар. Климаты мал багууга ыңгайлашып, дыйканчылык анча өнүккөн эмес.

11
Абдилла Ташбеков өзү курактуу жаштар айылга токтобой, иш издеп алыска кетип жатканына кейийт.

12
Аймактын туризм менен өнүгүүгө понтенциалы бар.

13
Саякатчыларды айылдан тоолорго ат менен алып баруу керек. Каарманыбыз 30 айылдашын келишим менен жумушка алып, алар аттары менен саякатчыларды ташыйт.