"Эски мектепти оңдой берип тажадык"
Таластын Кара-Буура районунун Көк-Дөбө айылында окуучулар сегиз жылдан бери авариялык абалдагы мектепте окуп жатат. Жаңы салына баштаган мектептин курулушу беш жылдан бери бүтө элек. Мугалимдер урайын деп турган имаратты жыл сайын жамап-жазгоодон тажаганын айтышты. Ата-энелер маселе тезинен чечилбесе, балдарын окууга жиберүүдөн баш тартабыз деп жатышат.