Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

«Туңгуч»: салттык-заманбап дүйнөнүн айкалышы


"Темирландын кызы"
"Темирландын кызы"

Праганын “Морна” көркөм галереясында жаш сүрөтчү Сүйөркул Дооровдун “Туңгуч” деп аталган көргөзмөсү ачылды.


Кыргызстандык сүрөтчү Сүйөркул Дооровдун Прага шаарында ачылган көргөзмөсүнө келген коноктор сүрөткердин 30га чукул эмгектеринен Европага дагы деле табышмак сезилген Фергана өрөөнүнүн көз ирмемдерине күбө болушту.

"Жайкы түш"
"Жайкы түш"

"Сүйөркулдун Баткендин мээ кайнаткан ысыгын, Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыз, өзбек, тажиктердин бул дүйнөдө түбөлүктүүдөй болуп эч кайда шашпаган турмушун чагылдырган пейзаждары мага өзгөчө жакты. Аларда бойоктор ишенимдүү тартылган. Сүрөткер аптаптын, күн нурунун күчүн сезген."

Амирбек Усманов, журналист



"Күнчубак"
"Күнчубак"





“Сүрөттөр абдан мыкты тартылган. Салттык жана заманбап дүйнөнүн чебер айкалышы өзгөчөлүктү берип турат. Чыныгы сезим тартуулаган сүрөттөр”

Чехиялык сүрөтчү, бир кезде Монголияда жашап, эмгектенген Хана Тефал Юранкова



Сүйөркул Дооров: “Ар бир сүрөт өзүнчө бир китептей”
Сүйөркул Дооров: “Ар бир сүрөт өзүнчө бир китептей”






“Атактуу сүрөтчү Веращагин Чыгышты таанытууга Европага келген эле. Мен кайсы бир деңгээлде өзүмдү ошондой сезип турам. Сүрөттөрдүн көбү Баткенден, Кыргызстандын түштүгүнөн тартылган. Прагага келгенден кийин тартылган дагы сүрөттөр бар.”





“Туңгуч” - Сүйөркул Дооровдун алгачкы уюштурулган жеке сүрөт көргөзмөсү. Айрым эмгектерди бул жерден көрүңүз:

XS
SM
MD
LG