Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришти

Ант берүү аземи 24-ноябрда саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында башталды. Инаугурацияга 450 киши чакырылды. Бул салтанатка жалпысынан 8 млн 404 миң сом сарпталары кабарланды. Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Баш мыйзамында көрсөтүлгөн беренелерди, мамлекеттин бүтүндүгү менен коопсуздугун сактоого ант берди. Ага президенттин күбөлүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова тапшырып, төш белги такты. Кызматтан кетип жаткан Алмазбек Атамбаев жаңы президентке штандартты өткөрүп берди.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын тапшырып жаткан Алмазбек Атамбаевге "Ак шумкар" орденине татыктуусуз деп айтты. КСДПга колдоосу үчүн ырааазычылык билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG