Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришти

Ант берүү аземи 24-ноябрда саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында башталды. Инаугурацияга 450 киши чакырылды. Бул салтанатка жалпысынан 8 млн 404 миң сом сарпталары кабарланды. Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Жаңы кызматка киришкен Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы соңуна чыкты.

Президент Соорнбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин алдында Улуттук гвардиянын аскерлеринин парадын кабыл алды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG