Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:16

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришти

Ант берүү аземи 24-ноябрда саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында башталды. Инаугурацияга 450 киши чакырылды. Бул салтанатка жалпысынан 8 млн 404 миң сом сарпталары кабарланды. Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

"Салтыбызды, тилибизди, дилибизди сактап калалы. Мен элдик президент болом деген максатымды ишке ашырам, буга менин билимим да, намысым да жетет. Мага өлкөдөн кымбат дөөлөт жок", - деди Сооронбай Жээнбеков.

"Туугандуу бийде ыйман жок" дегенди эстен чыгарбайлы,- деди Жээнбеков. Мыйзам алдында баары бирдей болорун, коррупцияга каршы күрөш токтобосун айтты. Сот жана укук коргоо органдарына сын көптүгүн айтып, алардын ишин жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

"Өнүгүү жолубуздан тайбай, керектөөчү эмес, жаратман экономикага басым жасашыбыз керек. Билим саясаты менин президенттик мөөнөтүмдө приоритетим болот. Кыргызстан бизнестин бейиши болушу керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG