Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:29

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришти

Ант берүү аземи 24-ноябрда саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында башталды. Инаугурацияга 450 киши чакырылды. Бул салтанатка жалпысынан 8 млн 404 миң сом сарпталары кабарланды. Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Жээнбековдун инаугурациясынан түз эфир

Жаңы шайланган президенттин кызматына расмий киришүүсүнө арналган салтанат учурунда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында Чүй жана Бишкектин милиция кызматкерлери 23-ноябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Салтанаттуу аземди өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого эки миңден ашуун милиция кызматкерлери тартылды. Алар 23-ноябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Эрнис Осмонбаевдин маалыматы боюнча, Чүй жана Бишкектин ички иштер бөлүмдөрү коопсуздукту камсыздоо үчүн алдын ала профилактикалык иш-чараларды да жүргүздү.

Мурдагы премьер-министр, бийликтеги Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 54% добуш менен утуп чыккан. Ал бүгүн ант берип, кызматына киришет.

XS
SM
MD
LG