Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:30
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл

LIVE: Саруудагы кырдаал

Кечээ Көлдүн Саруу айылында жол тосуу менен коштолгон каршылык акциясынын катышуучулары Кумтөр боюнча меморандумга каршы экенин билдиришкен. Бүгүн Кумтөр маселеси Жогорку Кеңеште каралып жатат. Ушу тапта Сарууда чогулгандардын саны азайганы маалым болду.

20:59 8.10.2013
Митингдин уюштуруучуларынын бири журналисттерге бул жерде калбай кетүүсүн айтып, түнкүсүн күч кызматтары тарабынан дагы күч колдонуу күтүлүп жатканын, андан журналисттер жабыркап калуусу ыктымалдыгын билдирген. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, ушул тапта Бишкектен Саруу жана Дархан айылдарына кеткен жолдордо топтошкон адамдар кетпей турушат. Бир аз убакыт мурун жолду тосуп тургандарга атчан жигиттер келип, жолду ачтырышкан.
21:57 8.10.2013
Өкмөт Ысык-Көл облусундагы кырдаал боюнча билдирүү таратты

Анда Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундарынын каршылык акцияларынан пайдаланып, айрым саясий күчтөр тарабынан Ысык-Көл областында коомдук-саясий кырдаалды курчутууга аракеттер жасалды деп айтылат.

Билдирүү соңунда өкмөт саясий акциялардын кээ бир уюштуруучулары тандап алган ультиматумду кабыл албасы жана коомдук-саясий абалдын бузулушуна жол бербөө максатында өлкөдө тынчтыкты жана жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөрүн билдирген.
22:48 8.10.2013
09:02 9.10.2013
Ушул тапта аймакта жүргөн кабарчыбыз Элеонора Бейшенбек кызынын маалыматы боюнча, аймакта түн тынч өттү. Саруу, Дархан айылдарына кеткен жолдор ачык. Көчөлөрдө топтошкон эл көрүнбөйт. Караколдо да тынч, шаар өз жашоосу менен жашоодо деп билдирет кабарчыбыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG