Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл

LIVE: Саруудагы кырдаал

Кечээ Көлдүн Саруу айылында жол тосуу менен коштолгон каршылык акциясынын катышуучулары Кумтөр боюнча меморандумга каршы экенин билдиришкен. Бүгүн Кумтөр маселеси Жогорку Кеңеште каралып жатат. Ушу тапта Сарууда чогулгандардын саны азайганы маалым болду.

11:48 8.10.2013
Караколдогу кечээки окуяга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн күч органдарынын жетекчилери менен жолугуп, кырдаалды талкуулады. Күч кызматкерлери абал жөнгө салынганын айтышты. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Атамбаев күч органдарынын ар бир кадамы мыйзам чегинде болуп, тергөө объективдүү жүргүзүлүп, тартип бузуунун уюштуруучулары менен катышуучулары жоопко тартылышы керектигин айтты.
Айрым саясый күчтөрдүн элди алдап, мыйзамсыз иштерге түртүшүнө жол бербеш керек деген талап койду.
"Айрым топтор жана алардын артында турган саясатчылар өлкөдө өз шарты менен кызыкчылыгын таңуулоосуна жол бербеш керек. Кыргызстанда туруктуулук менен тартип болушу зарыл", - деди Атамбаев.
Кечээ Караколдо Кумтөргө байланыштуу 300дөй киши чогулуп, өкмөттүн өкүлүн барымтага алган. Акция башаламандык менен коштолгондуктан милиция чогулгандарды күч менен тараткан.
12:00 8.10.2013
Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы Кашат көпүрөсүнүн үстүндө эл чогула баштады. Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашкандай, алар Бишкек - Каракол унаа жолунан Саруу, Дархан айылдарына кетчү жолду бууп турат. Чогулгандардын саны 400дөй киши. Буга чейин алар Саруу айылынын Маданият үйүнүн алдына барып чогула баштаган болчу.

Кечээ Караколдогу митингден кийин кармалган 23 кишинин арасында саруулуктар да бар. 7-октябрда "Кумтөр элдин колуна өтсүн" деген талап менен митингге чогулгандар өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алган. Күч колдонулгандан кийин гана Каптагаев бошотулуп, митинг тараган.
12:11 8.10.2013
Жети-Өгүздүн Саруу айылынын четинде бир жеңил машина аңтарылып жатат. 400дөй киши ошол жердеги Кашат көпүрөсүнүн үстүнө бутактарды сүйрөп келип жолду бууп коюшту. Көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, нааразылык акциясына чыккандардын маанайы агрессивдүү.

Жол тоскондордун айрымдары ары-бери өткөн автоунааларды текшерип жатышат. Автоунаалар көздөгөн жагына башка жол менен айланып кетишүүдө.
Ошентип, азыр митингчилер Бишкек - Каракол унаа жолунан Саруу, Дархан айылдарына кетчү жолду бууп турат. Буга чейин алар Саруу айылынын Маданият үйүнүн алдына барып чогула баштаган болчу. Кечээ Караколдогу митингден кийин кармалган 23 кишинин арасында саруулуктар да бар. 7-октябрда "Кумтөр элдин колуна өтсүн" деген талап менен митингге чогулгандар өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алган. Күч колдонулгандан кийин гана Каптагаев бошотулуп, митинг тараган.
12:31 8.10.2013

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG