Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:51
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл
Сарууда митингдин катышуучулары желекти көтөрүп айланып жүрүшөт. 9-октябрь, 2013-жыл

LIVE: Саруудагы кырдаал

Кечээ Көлдүн Саруу айылында жол тосуу менен коштолгон каршылык акциясынын катышуучулары Кумтөр боюнча меморандумга каршы экенин билдиришкен. Бүгүн Кумтөр маселеси Жогорку Кеңеште каралып жатат. Ушу тапта Сарууда чогулгандардын саны азайганы маалым болду.

15:37 9.10.2013
15:36 9.10.2013
Каракол жана Жети-Өгүздөгү митингдер учурунда кимдир бирөө дайынсыз жоголгону жөнүндө маалымат жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министринин биринчи орун басары Бакытбек Жусубалиев билдирди. Анын айтымында, издөө салып, милицияга арыздангандар да жок. Бүгүн Жети-Өгүздүн Саруу айылынын тургундары аким менен жолукканда соңку митингдерге катышкандардын 80ге жакыны дайынсыз болуп жатканын билдирген.
15:34 9.10.2013
Сарууда чогулгандар акимден алардын талаптарын бийликке жеткиришин талап кылышты.

14:15 9.10.2013
Караколдо жана Сарууда өткөн митингде 80ге жакын бала жоголду деген маалымат тараган. Аларды бири алган жаракаттарынан улам үйдө жатканын айтууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG