Самаковду коргогондор митингге чыкты
Бүгүн Нарын облустук бийлик имаратынын алдына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду коргоо комитети митинг уюштурду. Анда соттон акыйкаттыкты, экс-депутатты актоону талап кылышты. Мындай акциялар маал-маалы менен жер-жерлерде уюштурулуп жатат. Карганбек Самаков баштаган үч мамлекеттик кызматкерге карата айдоо жерди мыйзамсыз трансформациялады деп козголгон кылмыш иштин негизинде сот жүрүп жатат. Октябрь райондук сотундагы акыркы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуларга 19 жылга чейин жаза чектөөнү соттон сураган.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 12, 2025
"Тарыхты бирөөлөрдөн уруксат сурабай жазышыбыз керек"
-
Октябрь 09, 2025
Ак-Ордодогу кылмыш: Шектүү жаран эки айга камалды
-
Октябрь 08, 2025
Мыйзамсыз курулуштарды бузуу убактылуу токтотулду
-
Октябрь 04, 2025
Бишкекте митинг-пикеттерге тыюу узарды
-
Сентябрь 27, 2025
Орусияга жүк ташыган айдоочулар нааразылыгын билдирип чыгышты
-
Сентябрь 12, 2025
"Кара тизмедеги" мигрантты кандай тагдыр күтөт?