Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Шералиев – эки өлкөнүн сүрөтчүсү


22-февралда Москвада Сүрөтчүлөрдүн борбордук үйүндө Кыргыз Эл сүрөтчүсү Буласбек Шералиевдин эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.

- Көргөзмөңүз “Эки канат” деп аталат экен, эмне үчүн ушундай атадыңыз?

- Орусия менин экинчи мекеним. Аскерди ушул жакта өтөдүм, Москвада окудум. Бул шаарда окууну бүткөндөн соң беш жыл иштедим. Орусиянын атуулдугун да алгам.

- Бишкекте окуганыңызда устаттарыңыз кимдер эле?

- Мага Күлчоро Керимбеков, Давид Флекман, Скукошин сабак берген.

- Сиз жер-суунун көркү, андан сырткары чиркөөлөр менен монастырларды тартат экенсиз. Бирөөдөн таасир болгон беле?

- Мен Москвада окуп жүргөндө колума бир нече куттуктоо кагаздары тийген. Аны сүрөтчү Малахов тартыптыр. Ал жерде Алтын шакек деп аталган жолдун боюндагы белгилүү шаарлардын элеси түшүрүлгөн экен. Мына ошол таасир эткен. 2005-жылы Орусиянын элчилигинен кат келип, Алтын шакек жол боюндагы шаарлардагы чиркөөлөрдү тартууга кириштим.

- Алтын шакек деп аталган жолдун боюна салынган шаарлар эмнеси менен сизди кызыктырган?

- Ал шаарларда салынган сарайлар XII, XIII, XIY кылымдарда курулган. Дегинкиси мени чиркөөлөрдүн архитектурасы, бири бирине окшошпогон куполдору кызыктырды.

- Орусиянын илгертеден бери чиркөөлөрдү тартуу боюнча өзүнүн салты, ири сүрөтчүлөрү, убагында иконаларды жараткан залкарлары бар, алардын дарамети сизди жалтанткан жокпу?

- Буга чейин айткандай, Малаховдун куттуктоо барактары кыйла ойлонткон. Мен окуп жүргөн кезде Кызыл аянтты кайра-кайра тарта берип таасирлендим. Андрей Солдатов деген кардарыма Москва дайрасынын боюна салынган диний сарайларды тартып бердим. Чоң Ордынка, Полянка, Пятницкая деген үч көчөдө эле 60 чиркөө бар экен. Андан сырткары 85 сүрөт тарттырып алды. Баары диний таат кылуучу жайлар.

- Орус дүйнөсүнөн кыргыз дүйнөсүнө өтөлүчү. Көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн арасында Кыргызстандын бардык дубандары да бар экен.

- Раматылык Сарман Асанбеков "Буласбек, сен Кыргызстандын бардык жерин кыдырасың, Кыргызстан боюнча көргөзмө ачсаң болот эле. Кыргызстан боюнча көргөзмө ачам деп турган Акылбеков раматылык 54 жашында каза болуп калган. Ошону эми сен ач” деп айтып калчу. 2009-жылы өткөн көргөзмөнү “Эки канат” деп атадым. Теңин Орусиянын, теңин Кыргызстандын аймагында тарткан сүрөттөр түздү. Ар бир облустун өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Мисалы, Ысык-Көл көлү, Нарын облусу дайрасы, Талас “Манас” ордосу, Жалал-Абад жаңгак токойлору, Ош Сулайман тоосу менен белгилүү

- Мындан ары кандай иш менен алек болосуз?

- Июнда Санкт-Петербургда дагы бир көргөзмө ачам. Ал эми Кыргызстанга кайтканымда кайра да Баткенге барам. Мартта ал жакта өрүк гүлдөйт...
XS
SM
MD
LG