18:49
4.6.2013
Медербек Үсөнов бошотулду
2-июнда УКМК камакка алган Медербек Үсөнов бүгүн бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Искендер Журабаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн УКМКнын тергөө башкармалыгында Үсөновго Жалал-Абад облустук акимиятын ээлеп алуу боюнча Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча айып угузулуп, жеке кепилдик менен бошотулду.
Үсөнов үчүн ким кепилдик алганы айтылган жок. Журабаев белгилегендей, Үсөновдун камалганына 48 саат болбогондуктан мыйзамга ылайык, тергөөчүнүн соттун чечимисиз бошотууга укугу бар. Медербек Үсөнов Жалал-Абадга жөнөп кетти.
Медербек Үсөновдун камакка алынганына байланыштуу жекшембиден бери Жалал-Абаддагы тарапкерлери Бишкек-Ош жолун тороп турушкан. (BkA)

18:43
4.6.2013
Жалал-Абадда жол тоскондор ЭлТР коомдук телеканалынын Жалал-Абад облусундагы кабарчысы менен операторун ал жердеги кырдаалды тартууга бүгүн уруксат беришкен жок. Бул тууралуу аталган телеканалдын кабарчысы Кыял Сабирахунова маалымдады.
Кабарчынын айтымында, жол тоскондор муну өкмөттүк телеканалга ишенбестиги менен түшүндүргөн. Оператор экөөнүн беделине шек келтирген сөздөрдү жаадырышып, тезинен кетишпесе жол тоскон аялдарга жулмалатарын айтып коркутушкан. “Биз өкмөттүк телеканалда иштесек да кечээ тең салмактуу тасмаларды тартып, ЭлТРден көрсөткөнүбүздү эске алышпады",-дейт Кыял Сабирахунова.
Ал эми жол тоскондордун өкүлү Шайырбек Ташиев андай окуя болбогондугун билдирди.(YA)

16:29
4.6.2013
Ал арада Жалалабат шаарында да ташиевчилердин нааразылыгы уланып жатат. 10дон ашуун аял обладминистрациянын короосунда отурат.
— Sanjar Eraliev (@sanjarbeke) 4 июня 2013 г.
16:00
4.6.2013