Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

Союлган эшектердин каргышы тийдиби?


“Фабула” гезитиндеги макаласында Баратбай Аракеев заман бузулду деп канча кыйкырган менен заман эмес, адам бузулуп жатканын жазды.

“Фабула” гезитиндеги макаласында Баратбай Аракеев заман бузулду деп канча кыйкырган менен заман эмес, адам бузулуп жатканын, аны бузуп жаткандардын бир даары көрүнгөндүн башын айланткан көзү ачыктар экенин, өткөндө телевизордон бир аял чыгып алып, музейдеги аялдын мумиясын көмсө гана ишибиз оңолорун айтканын, анын айтымы боюнча илим-билимдин баары бир тыйын экенин, алтургай ракты айыктырам деген аферисттерге телеканалдар менен гезиттер өзүлөрү орун берип, коомчулуктун башын айлантканга кошумча болуп жатышканын, Акматбек Келдибеков спикер кезинде парламенттин алдына жети козу алып чыгып мууздатып жакшы тилек тилеткенин, шоруң каткан жети козу да коррупциядан коргой албай койгонун, Келдибеков бошой албай отурганын жазды. Ушул эле гезит “Эшектердин “ээси” Юруслан Тойчубеков жоголгонун, күч органдары аны күнү-түнү издеп жатканын, Кыргызстанда ушинтип кылгылыкты кылып коюп, анан иш козголору менен “дайынсыз” жок болуп кетмей, “ооруп” жата калмай “көз боёмочулук” деген неме кадыресе көнүмүшкө айланып баратканын жазды.

“Кыргыз туусу” гезити КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбековдун “Эртең Кыргызстандын мөңгүсүнө эч ким кол салалбагандай болсун” деп интервью берип, парламент, бийлик, мөңгү тууралуу бир топ жүйөлүү ойлорун айтуу менен партиялардын биригип жатканына токтолуп, кээде бири-бирине кошулбай турган боёктор, кошулбас идеологиялар, кошулбас адамдар кошулуп жатканын, кечээ эле капчыктууларды сындап келгендер бүгүн ошолордун сөзүн сүйлөп, этегине намаз окууга даяр турганын, бизде партиядан тышкары географиялык абалына, жашаган жерине, чөнтөгүнө, уруусуна жараша бөлүнүү токтой электигин, шайлоодо ал өзү шайлоого бараткан КСДП кандай упай алары Кудайдын, анан шайлоочулардын колунда экенин айтты.

Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Бир саясий эмес жоруктун саясий өңүтү жөнүндө” деп аталса, Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ишин чагылдырган сүрөттүү баян “Көңүл калуу, жүрөк оору аз болсун” деп аталды.

“Де-факто” гезити “Карганбек Самаковдун эл үчүн жасаган эмгегин мезгил таразалайт” деген теманын алдында ой-пикирлерин тарых илимдеринин доктору Дөөлөтбек Сапаралиев, коомдук ишмер Болот Жанузаков, окумуштуу Каныбек Исаков, профессор Кадыралы Коңкобаев, акын Бактыгүл Чотурова, журналист Аскер Сакыбаева, кинорежиссер Садык Шер-Нияз билдирип, “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын катарына киргизүүдө, манасчылардын кадыр-баркын көтөрүүдө, кыргыз элинин рухун туу кылып, асыл дөөлөттөрүн сактоодо Самаков баа жеткис иштерди жасаганын баса белгилешти. Нургазы Айтмырзаевдин макаласы “Премьер-министр Темир Сариевдин алгылыктуу аракеттеринен” деген ат менен тартууланды.

“Де-факто” гезити мурдагы юстиция министри, коомдук ишмер Жумабек Абакиров менен маектешти. Башмыйзам боюнча маек курган Абакиров ал сунуштап жаткан долбоордун өзөгүн кыргыз элинин салттары түзөрүн, нукура кыргыздын өзүнөн чыкпаган Башмыйзам менен жашап келатып өнүгүп-өспөй койгонубузду, парламенттик башкаруу туруксуздукка, бир тараптын экинчи тарап менен каршылашуусунан башка эч нерсеге алып келбегенин, дагы башка жүйөлүү жактарын баяндап берди.

“Вечерний Бишкек” гезити “Уятсыз добуш” деген теманын алдында Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованын мөөнөтүнөн мурда бошотулушунун айланасындагы басылбай жаткан ызы-чуу тууралуу макалаларды басууну улантты. Жогорку Кеңеш үч жолу добуш бердиртип жатып “союп” түшкөн Сооронкулованы үчүнчү жолкусунда тең колдоп добуш берген депутаттардын тизмеси аталган макалага тиркелди.

Ушунун эле катарынан Клара Сооронкулованын “Бийлик биометрияны шайлоону бурмалоо үчүн киргизди” деген интервьюсун, журналист Эсенбай Нурушевдин “Биометрикалык демократия” деген макаласын окуйсуздар.

Мыйзамдын эрежесин да, элди да, эч нерсени да көзүнө илбеген өзүмбилемдик бийликтин бардык деңгээлининин өзөгүн түзүп калганын, мунун акыры өтө жаман бүтөрүн, жадагалса помидорду сырттан ташып калган, от тамызганга ширеңке чыгарганга жарабай калган өлкө башкаруучулары от менен ойноп жатканын макаласында Нарын Айып баяндады.

“Эл деми” гезитине “Келдибеков “Бир бол” партиясында” деген, “Сооронкулова кимге союл болуп берет” деген, “Давыдов мөңгүсүн сактап калуу мүмкүн эмес” деген, “Алтын Ордо” конушундагы жер чыры” деген маалыматтар басылды.

“Айбат” гезитинде “Шантаж оорулуу” Сооронкулова соорончудай эмес” деген, “Орусия колдон келишинче колдоодо” деген, “МАИлердин көзүн май басты” деген, “Бишкекте тамак-аштан уулануу учурлары катталган коомдук тамактануу жайларынын жана дүкөндөрүнүн тизмеси” деген, “Президент кудасын калкалаган жок” деген, “Адахан ээн ооздорду аркандайт” деген, “Мырзакматовдун акыркы үмүтү” деген, “Депутатты тепкилегендер качан жазасын алышат?” деген макалалар бар.

XS
SM
MD
LG