Бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити “Өлкөнү кыйроого ким алып баратат?” деген макалага окурман көңүлүн бурду.
Аталган гезиттин жана редакциянын басма үйүнүн, ага караштуу интернет-сайт менен “Рубикон” рекламалык фирмасынын, “Жаңы агым” гезитинин жетекчилеринин колу коюлган макалада гезиттин буга чейинки президентке кайрылуусунда “Вечерний Бишкектин” бүгүнкүдөй абалга келишине президенттик администрациядагы Фарид Ниязов, Эркин Мамбеталиев жана Икрамжан Илмиянов күнөөлүү экендиги айтылганын, мына ушундан кийин текшерүү басканын, текшерүүнүн жүрүшүнө караганда күнөөкөр жогорудагылар болбой, кайра эле “Вечерканын" басма үйү күнөөлүү болуп чыкканы калганын белгилеп, редакция саясатчыларга, кыргызстандыктарга кайрылып, гезиттин жана анын басма үйүнүн айланасындагылардын баары мыйзамсыз болуп жатканын, андыктан “медиа-холдингди коррупционерлер менен бандиттерден” эмес, алардын үнүн президентке жеткирүүгө жардам берүүнү өтүндү.
Буга улай эле журналист Нарын Айыптын “Өзүмбилемдиктин пропагандасы” деген, саясатчы Эднан Карабаевдин “Украинада эми Бузиндер жок, а бизде “Вечерканы” пресстеп жатышат” деген макалалары жана гезит жамаатынын “Биз биргебиз...” деген каты, депутаттар Ф. Кулов, К. Осмонов, Д. Бекешов, Ө. Текебаевдин, укукчу Төлөйкан Исмаилованын редакцияны колдогон ой-пикирлери басылды.
“Кыргыз туусу” гезити Улуу Ата Мекендик согушка 70 жыл деген рубриканын алдында “Донецктен сөөгү табылгандар” аттуу эскерүү макаланы согушта курман болгон Айлеков Токталынын кызы Жибек Токталиева менен күйөө баласы Сагыналы Мамбетов жазып чыгарган. Ушул эле гезитке жумгалдык ардагер Сабырбек Акматовдун “Сталинден алкыш алган Муслим ата” деген макаласы да бар.
“Айбат” гезити бул санын “Ата Мекендин” ишенген кожосу” сууга акты” деген макала менен ачып, Жоомарт Оторбаев отставкага кеткенин, эми анын арызын президент кабыл алса, өкмөт толук курамы менен отставкага кетерин кабарлады.
Ушул эле гезит өкмөттүн башына Темир Сариев же Калыкбек Султанов келиши мүмкүн экендиги айтыла баштаганын маалымдады.
“Айбат” гезити ошондой эле “Элди ойлобой өзүн ойлогондор” деген рубриканын алдында “Коомчулук “Вечерний Бишкектин” жетекчилигине нааразы” деген, “Вечерний Бишкектин” президентке жана коомчулукка жасаган кайрылууларында Конституциялык түзүлүштү бузуу чакырыктары барбы?” деген, “Александр Ким эч кандай биздин мамлекеттик кызыкчылыкты ойлобой коммерциялык жолду көздөп, президенттин аброюна шек келтирип жатат” деген макалалар топтому жарыяланды. Ушул эле жердеги пикиринде ”Таза коом” үчүн бирикмесинин жетекчиси Рысбай Сариев “Биз журналисттерди экиге бөлүп жаткан жокпуз, биз ким Бакиевдерди колдосо ошолорго каршы чыгабыз” деп айтты.
“Фабула” гезити журналист Алмаз Темирбек уулуна берген депутат Нарынбек Молдобаевдин интервьюсу “Центерранын” баш кеңсеси Кыргызстанда болмоюн эч нерсе өзгөрбөйт” деп аталып, бир катар жүйөөлүү ойлорун ортого салды. Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 100дөн ашуун кишиси кол койгон кайрылуу жарык көрдү. Кат президент баш болгон бардык бийлик бутактарынын чоңдоруна багышталган.
“Де-факто” гезити иштен кеткен Токон Мамытовдун маегин басты. Мамытов кантип иштен кеткенин мындайча түшүндүрүп: “Бул жакта мен билбеген башка сыр бар экенин сезип, алардын курмандыгы болуп, өзүмдү булгап албайын, эл алдында жооп бере албай калбайын деп ушул кадамга бардым. Бул жөнөкөй маселе эмес. Бул оюндардын артында таасирдүү чоң адамдар турат” деп айтты.
Депутат Ширин Айтматова жасалма “Бактамед” дарысынан 21 наристе жабыркаганын, тагыраак айтканда ушул антибиотикти алгандан кийин 21 наристе шал оорусуна чалдыкканын, балдардын айрымдарына ийнени медиктер сайса, айрымдарына ата-энелер өздөрү сайганын билдирди.
Депутат Карганбек Самаков “Бюджетниктердин” эмгек акысы ай сайын эмес, эки жума сайын берлиши керек” деп демилге көтөрдү. Бул мыйзам долбоору боюнча “Де-факто” гезитине Самаковдун түшүндүрмө маеги кошо басылды.
Академик Абдылдажан Акматалиев эскерүүсүн “Манас”, Айтматов жана ааламды түйшөлткөн эмбрион” деп атаса, Жакшылык Бердибек уулу макаласын “Жаштарды алдыга сүрөгөн “Ата Мекен” деп атады.
Ушул эле санга Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз Эл артисти Сейитказы Андабеков быйыл 90 жашка толорун, атасы оорунун айынан үйдөн чыгалбай отурганын айтып, баласы Болотбек Андабеков атасы жана апасы Койсун Карасартова тууралуу “Ата-энем сахнада да, жашоодо да чыныгы жылдыздар эле” деген ат менен кызыктуу аңгеме куруп берди.