Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:08
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин жыл соңундагы жыйыны

Президенттин 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны соңуна чыкты. Ал "Райым миллион", Асылбек Жээнбеков тууралуу суроолорго да жооп берди.

11:22 19.12.2018

Жээнбеков: КСДПда биздин жаштыгыбыз өткөн. Бирок анын бул абалга түшкөнүнө мен күнөөлүү эмесмин. Анын себебин башка жактан издөө керек.

11:19 19.12.2018

Сооронбай Жээнбеков: "Тизмегейт" боюнча Фарид Ниязов биринчи жооп бериши керек

Сооронбай Жээнбеков былтыркы шайлоодо штабдын чыгымдары деген тизме боюнча штаб башчысы Фарид Низов жооп бериши керектигин айтты. Саясий технолог Алексей Василевцкий Фарид Ниязовдун эң жакын кеңешчиси болгонун белгиледи.

"Надира Сатыгул кызынын келип сурак беришине, эсен-аман болушуна мен кызыкдармын. Бул иш-аракеттердин бир эле максаты бар - өлкөдө тополоң чыгаруу. Мен буга жол бербейм", - деди Жээнбеков.

11:10 19.12.2018

11:08 19.12.2018

Сооронбай Жээнбеков бир жылдык ишине өзү баа берди:

- Бул жыл саясаты көп жыл болду. Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн чоң иштерди баштадык, өзүмдүн программамды ишке ашыруу боюнча чоң иштерди баштадык. Алыскы туугандан жакынкы кошуна деген принцип менен иштедик, көп сүйлөшүү болду, көп маселелерди чечтик. Мамлекет башчылар менен бардык деңгээлде ийкемдүү иштер болуп жатат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ийгиликтүү өткөрүп алдык, Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өттү, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын эл аралык деңгээлде өткөрүп алдык. Экономика өсүп жатат, салык, бажы төлөмдөрү көбөйдү, - деди президент.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG