Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

ИИМдин ичи тынч эмес


Милиция кызматкерлери Курман айт намазы окулган аянтта. Бишкек, 26-октябрь, 2012.
Милиция кызматкерлери Курман айт намазы окулган аянтта. Бишкек, 26-октябрь, 2012.

Ички иштер министри Шамил Атаханов милицияны реформалоо демилгеси ири карама-каршылыктарга дуушар болуп жатканын жарыялады.

Министрликтеги өздүк коопсуздук кызматы жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы кол тийгис кастага айланып калгандыктан ал бул багытта структуралык өзгөртүүлөр жүргөнүн белгиледи. Милициянын ичиндеги абал боюнча министрдин билдирүүсү аны өз алдынча жөнгө сала албаган жетекчинин аракети катары сынга алынууда.

Атахановдун ачуусу келгенде

“Вечерний Бишкек” гезитиндеги маегинде ички иштер министри Шамил Атаханов уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын ишмердигин сынга алды. Анда министр аталган башкармалык мыйзамсыз иштерге жол берип, тыңшоочу жабдууларды бирөөлөрдөн акча өндүрүү үчүн колдонгон фактылар бар экенин шардана кылды.

Шамил Атаханов парламенттин укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча комитетинде аталган башкармалыктагы мыйзамсыздыктар боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди:

- Тыңшоочу жабдуулар мыйзамсыз алынып келип орнотулган, укуктук-ченемдерди бузуу менен колдонулган. Ошондой эле тергөө бөлүмү башкы тергөө башкармалыгынан бөлүнүп, аталган башкармалыктын оперативдүү иштерди көзөмөлдөгөн жетекчисине баш ийип калган. Бул деген ишти иликтеп-тергөөдө тең салмактуулук сакталбай калган дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле кадр саясатында да одоно катачылыктар кеткен. Борбордук аппаратка бир жылга жетпеген тажрыйбасы бар 8 кызматкер ишке алынган. Үч жылга жетпеген иш-тажрыйбасы бар 25 кызматкер оперативдүү кызматка чакыртылган. Анын ону башкармалыктын башчысы Калыбек Сатыбалдиев туулган Кара-Буура районунан болгон.

Бул боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Калыбек Сатыбалдиев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал 25-декабрдагы жыйында министрдин мурдагы орун басары Абакиров менен кайым айтышып кеткен болчу. Андан соң ал ооруканага түшкөнүнө байланыштуу анын кызматтык тартибин кароо маселеси белгисиз мөөнөткө калтырылганы айтылган эле.

Жакында аталган башкармалык экиге бөлүнүп, коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамсыз кирешени легалдаштырууга каршы туруу башкармалыгы өзүнчө бөлүндү. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Жоробай Абдраимов мыйзамсыз иштерге жол берген жетекчилердин жоопкерчилиги карала турганын белгиледи:

- Бүгүнкү күндө ИИМде бир топ өзгөрүүлөр болуп жатат. Биринчи кезекте түзүмдөрдү жана кызматтарды оптималдаштыруу иштери жүрүүдө. Мына ошондуктан айрым бир чоң башкармалыктар кыскартылып же экиге бөлүнүп, колу таза эмес жетекчилерден арылууга өтө чоң маани берилүүдө. Бул боюнча министр ага олуттуу негиздер болгонун өзүнүн маегинде билдирип жатат. Учурда бул боюнча териштирүү жүрүүдө.

Даттанган жетекчинин “дарамети” жокпу?

Бирок ички иштер министри конкреттүү кайсы жетекчилер жана кандай конкреттүү фактылар болгону боюнча маалымат берген жок. Мына ушуга байланыштуу парламенттин мыйзамдуулук жана укук тартиби комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев министр өздүк курам менен иш алып бара албагандыктан ушундай кадамга барып жатат деп сынга алды:

Милиция митингчилердин алдын тосууда. Бишкек, 10-октябрь, 2012.
Милиция митингчилердин алдын тосууда. Бишкек, 10-октябрь, 2012.
- Министрликтин ичинде ар кандай саясат болуп жатат. Ошон үчүн министр өзүнүн кол астындагылар менен талашып-тартышып жатат. Мына ошону жөнгө сала албагандыктан улам, ал маалымат каражаттарына чыгып жатат. Негизи ал жетекчи болгондон кийин чын эле кандайдыр бир тартип бузуулар болсо аны ошол мекеменин ичинде эле териштирип алса болмок. Өзү жетектеген министрликтин ички түзүмдөрүн жамандагандан көрө, аны оңдоонун жол-жобосун иштеп чыгып, ичинен иш жүргүзсө болмок.

Бирок ошол эле кезде ички иштер министри Шамил Атахановго министрликтин ичинде жана сырттан басым көрсөтүү болуп жатканы белгиленди. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Турат Мадылбеков милициянын ичин тартипке салуу коомчулуктун колдоосуна муктаж болуп жатканын айтты:

- Бул жерде министр колунда кандайдыр бир такталган маалыматтар болбосо жөн эле туруп саясат үчүн ошондой билдирүү менен чыкмак эмес. Демек бул жерде олуттуу маселе бар. Жанагы тыңшоочу жабдуу бир миллион долларга сатылып келгени боюнча маалыматтар 2011-жылы эле парламентке түшкөн болчу. Мына ошону кандайча сатып келди, кандай максаттарга колдонулат деген суроолор бар.

Ошол эле учурда ички иштер органдарындагы кайра түзүүлөр өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалына таасир этет дегендер да жок эмес. Анткени мындай шартта жазда оппозиция каршылык акцияларын баштай турган болсо милиция коомдук тартипти жөнгө салууга дарамети жетеби деген маселе кабыргасынан коюулду.

Мурдагы ички иштер министри Болотбек Ногойбаев бул тууралуу мындай дейт:

- Министр мына ошол кадамдарынын баарын ички иштер органдарын реформалоо максатында деп жатпайбы. Бирок ал ички түзүмдөрдү өзгөртүүлөр реформага кирбейт да. Реформа кылыш үчүн мыйзамды өзгөртүү керек. Анан чоң өзгөрүүлөрдү киргизүү үчүн чоң каражат талап кылынат. Мына азыр кызматтарды өзгөртүү менен айрым жетекчилерди ордунан козгоп жатышат. Бул жалпы оперативдүү ишке залакасын тийгизет. Мына азыркы шартта ага өтө эле чоң зарылдык жок болчу.

Өкмөт: ИИМдеги кландык топтордун тамыры кыркылат

Анткен менен өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев ички иштер министринин демилгелерин колдой турганын жана аны кызматтан кетирүүгө ынтызар күчтөргө жол бербестигин жакында өткөн жамааттык жыйында билдирди.

Өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов министрге ички иштер органдарындагы тамыр жайган кландык топтордун ишмердигин ооздуктоо озуйпасы тапшырылганына токтолду:

Атчан милиционерлер аянтта. Бишкек, 3-октябрь, 2012.
Атчан милиционерлер аянтта. Бишкек, 3-октябрь, 2012.
- Өкмөт башчысы ИИМдин жамааттык жыйынында министрдин артынан ар кандай сөздөрдү таратып, шыбырашканды токтоткула деген маселени койду. Атаханов реформаны аягына чейин жүргүзүп бүтмөйүнчө ал ордунан жылбай турганы айтылды. Буга ошол эле милиция жетекчилеринин арасынан айрымдары тымызын каршы чыгып жатышат. Буга чейин министрликтин ичиндеги жетекчилер мамлекеттин ичиндеги мамлекет сыяктуу өздөрүнүн калыптанып калган тымызын топторун түзүп алышкан экен. Азыр мына ошолордун тамыры кыркылууда.

Ички иштер министринин жакында эле дайындалган орун басары Абакиров кызматынан алынды. Кесиптик жөндөмүн жогору баалаган менен министр Атаханов анын кызматтан кетишинин себептери боюнча депутаттардын суроолоруна жооп бере алган жок. Абакиров жакында эле Ошто атылган милициянын полковниги Шоноевдин өлтүрүлүшү боюнча ишти ачкан ыкчам топту жетектеген деп мактоого арзыган болчу.
XS
SM
MD
LG