Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:53
Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өттү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

12:10 24.11.2018

Медеткан Шеримкулов: Биздин чоң катабыз мыйзамды сыйлабай ар бир келген президенттин сөзүн мыйзамдан өйдө коюп келе жатабыз. 2020-жылга чейин жаңы Конституция кабыл алышыбыз керек. Президенттикпи же парламенттик башкаруу болобу бийлик бутактарынын милдеттерин бөлүштүрүп албасак, талаш-тартыштар улана берет.

12:16 24.11.2018

Коомдук ишмер Динара Кутманова "Кыргызстан жашылдар" партиясынын атынан президентке 2019-жылды "Экология жылы" деп белгилөө сунушун киргизди.

12:20 24.11.2018

Социолог Кусеин Исаев: Кыргыз бүгүн кул болду. Кыргыздын өз жолу болушу керек.

12:23 24.11.2018

Курултайда Садыр Жапаровдун катын да окуп беришти. "Курултай Конституцияга кириши керек. Парламент 55 депутаттан гана тургандай болсун. Президент, губернатор, айыл өкмөттөрүнөн турган башкаруу системасы орносун. Шоопур, трактористтер министр болуп, фракциялар кызмат талашып мушташып жатат. Анын айынан иш токтоп калды" деп жазылган катта.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG