Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24
Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өттү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

12:32 24.11.2018

Акматбек Келдибеков: Курултайдагы сындар эске алынышы керек. Убагында эки жолу бийлик алмашканда сынды эске алган эмеспиз.

Курултай Конституцияда каралган саясий институт болуп эсептелет. Кыргыз эли аз эл болгону менен кылымдар бою сакталып келаткан элбиз. Биздин Башкы мыйзам кыргыздын үрп-адатын камтыганда гана толук кандуу Конституция болуп эсептелет.

12:23 24.11.2018

Курултайда Садыр Жапаровдун катын да окуп беришти. "Курултай Конституцияга кириши керек. Парламент 55 депутаттан гана тургандай болсун. Президент, губернатор, айыл өкмөттөрүнөн турган башкаруу системасы орносун. Шоопур, трактористтер министр болуп, фракциялар кызмат талашып мушташып жатат. Анын айынан иш токтоп калды" деп жазылган катта.

12:20 24.11.2018

Социолог Кусеин Исаев: Кыргыз бүгүн кул болду. Кыргыздын өз жолу болушу керек.

12:16 24.11.2018

Коомдук ишмер Динара Кутманова "Кыргызстан жашылдар" партиясынын атынан президентке 2019-жылды "Экология жылы" деп белгилөө сунушун киргизди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG