Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:18
Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өттү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

10:57 24.11.2018

Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтүндөгү бир жылдык ишине баа берип жатып кендерди иштетүү маселесин көтөрдү. Ал "кен байлыктарды колдонуу маселесин чечүүдө Жогорку Кеңеш менен өкмөт өзүнүн жүзүн көрсөтө турчу мезгил келди" деди.

- Сооронбай Жээнбеков ары жагымсыз, ары чечкиндүү кадамдардын бирин жасады. Ал кадам - аны президенттикке сунуштаган жана түздөн-түз колдогон экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен биротоло бошонуу. Мындай кадам кыргыз менталитетинде – бир жагынан “ичкен кудугуңа түкүрбө” болсо, экинчиси – “бир адамдын, бир партиянын жетеленме президенти эмес, нукура элдик президент болуу” деп кабыл алынды, - деди Бекназаров.

10:54 24.11.2018

Азимбек Бекназаров: Мурдагы айрым аткаминерлер улам жаңы келген президенттердин коюн-колтугуна кирип, коррупциянын үрөнүн себишкен. Алардын Сапар Исаковдон, Жантөрө Сатыбалдиевден эмне айырмасы бар? Азыркы президенттин дагы бир иши: ал ушул коррупция менен күрөшүп жатканы. Бирок коррупция менен күрөшүү тандалма жүрүп жаткандай сезилүүдө.

10:47 24.11.2018

Курултайдын жүрүшү

10:45 24.11.2018

Президенттик аппараттын өкүлү Алмаз Кененбаев: Курултай элди бириктириши керек. Баарыбыз мамлекетибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Ал коомдогу бардык маселелерди ачык талкуулоого аянт болуп бериши керек. Курултайда айтылган сын пикирлер, сунуштар мамлекет башчыга жеткирилет жана тыкыр текшерилет. Мамлекет башчы коррупцияга каршы жүрөштү жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгын көрүп жатасыңар. Мамлекетибизди бириктүү идеясы баарыбызды бириктириши керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG