Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Апта: Чек арадагы жер алмашуу, саясатчылардын соту


Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Ушул жумада Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын айланасындагы Кыргызстанга караштуу 407 гектар аянт Өзбекстандын ушул эле район менен чектешкен, Гүлбаар айылынын жанындагы ушундай эле чарчы аянттагы тилке менен алмаштырылып жатканы маалым болду.

Буга чейин айтылбай келген бул маалымат Өзбекстандын бийлиги Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкеге аскер техникаларын тартып, ал жерди тосо баштаганы ачыкка чыгып, ага жергиликтүү эл нааразы болгондон соң гана ачыкка чыкты. Өкмөт ушундан кийин гана аталган аймактагы жер алмашуу тууралуу кеңири маалымат таратты.

Кыргызстан менен Өзбекстан жер алмашат
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:00 0:00

Өкмөттүн аппараты тараткан билдирүүдө, Керкидан суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт.

Анда белгиленгендей, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керкидан суу сактагычынын объектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.

1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жерди берген.

2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация катары берген. Алар Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар) жер бөлүнгөн.

«Комиссиянын мүчөсү катары ишенимдүү айта алам: делимитация маселеси бүттү, демаркация бүтө элек. Келишим боюнча демаркация иштери бүтмөйүнчө, алардын жол салууга же аң казганга акысы жок. Биз өзбек тарапка бул мыйзамсыз экенин айттык. Алар техникасын алып чыгып кетишти. Жакынкы күндөрү эки комиссия жолугат. Ошондо «биз өзүбүзгө берилген 307 гектар жерде тосулган торду нары жылдырабыз, силер да ишти ошондо баштагыла» деген сунуш болот. Мен ачык айтышым керек, Керкидан боюнча бир да чарчы метр жер Өзбекстанга берилген жок. Алар да бизге берген жок», - деди өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн биринчи орун басары, чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөсү Байыш Юсупов.

Анын айтымында, мындан тышкары бул чечим мамлекеттик чек араны республикалык маанидеги Ош-Араван жолунан белгилүү бир нече аралыкка жылдырууга шарт түздү:

«Биз азыр ошол компенсациянын эсебинен 307 гектарды Араванга бараткан жолдогу чек ара зымдарын 300-800 метрдей ичкери жылдырып алдык. 35 гектарын Жалал-Абад облусунун, 74 гектарын Баткен облусунун жанынан алууга макулдашканбыз».

Коллаждын сол жагында Төө-Моюн айылындагы Керкидан суу сактагычы, оң жагында Гүлбаар айылына жакын тилке. Ак сызык кыргыз-өзбек чек арасын түшүндүрөт, кызыл сызык алмашылган тилкенин болжолдуу чиймеси. Коллаж Google картадан алынган скриншоттун негизинде жасалды.
Коллаждын сол жагында Төө-Моюн айылындагы Керкидан суу сактагычы, оң жагында Гүлбаар айылына жакын тилке. Ак сызык кыргыз-өзбек чек арасын түшүндүрөт, кызыл сызык алмашылган тилкенин болжолдуу чиймеси. Коллаж Google картадан алынган скриншоттун негизинде жасалды.

10-сентябрда Өзбекстандын чек арачылары Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, пикир келишпестик чыккан. Өзбекстандын аскер кызматкерлери чек арада атайын техника менен турганы тартылган видеолор Интернетте тараган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзсө, 320 чакырымдан ашууну такталбай келген. Анын ичинде эки коңшунун ортосундагы 55 чек ара тилкесинин чек ара сызыгы аныктала электиги айтылган.

Өзбекстандын бийлигинин Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени кыргыз тарапты кабардар кылбастан жана демаркация болушун күтпөстөн эле батыл тосо баштаган кадамы Сох анклавын Өзбекстандын негизги аймагы менен байланыштырган Сох-Риштан жолу салтанаттуу ачылып, бирок кийин кайра жабылып калган учурга туш келди.

Августтун акырында Сохту Өзбекстан менен байланыштырган жолдун ачылыш аземинен делген видеотасма жарыяланган.

Анда өзбек тараптын бийлик өкүлдөрү Сох-Риштан жолунун ачылышын чоң окуя катары баалаганын көрүүгө болот. Салтанаттуу иш-чарага кыргызстандык бийлик өкүлдөрү жана жарандары да катышканы маалым болгон. Бирок кыргыз өкмөтү жол азырынча ачылбай турганын айтып, анын ачылыш салтанаты тууралуу дурусурак түшүндүрмө берген жок.

"Аталган зонада жумуш абдан көп. Биринчи кезекте Евразия Экономикалык Биримдигине байланышкан иштерди жасашыбыз керек. Бул уюмдун алкагында Кыргызстанга жүктөлгөн милдеттердин алкагында ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук маселелери бар. Мына ушул жумуштар аягына чыкканга чейин жолду ача албайбыз" - деди Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков.

ЕАЭБге Орусия, Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстан мүчө.

Өзбекстанга таандык Сох району - Кыргызстандын аймагында жайгашкан анклав. 2013-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдан соң Сох-Риштан жолу жабылган болчу.

Кыргыз мамлекети Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Анын ичинен Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралар толук тактала элек. Чек араны жерлерди алмашып чечүү - дүйнө мамлекеттери пайдаланылып келе жаткан тажрыйба.

Кыргыз-өзбек чек арасы: маселе качан чечилет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:49 0:00


Текебаев-Чотонов иши кайра карала баштады

12-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үй камагындагы саясатчылар, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши кайра карала баштады.

Жогорку сот өткөн айда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго чыгарылганын мурдагы айыптоо өкүмдөрүнүн баарын жокко чыгарып, жаңы жагдайларга байланыштуу ишти райондук сотко кайра кароого жөнөткөн.

Биринчи сотто жактоочулар доогер, орусиялык жаран Леонид Маевскийдин Текебаев менен 2010-жылы 13-майда Өкмөт Үйүнүн №306 кабинетинде жолугушканы, ошол эле күнү түштөн кийин «Супара» ресторанда сүйлөшүүлөр улантылганы боюнча көрсөтмөсүн текшерүүнү өтүндү. Өмүрбек Текебаев буларга токтолду:

«Бул атайылап саясий максатты көздөгөн, кара өзгөйлүк менен жасалмаланган иш жана жалган жалаа. Коррупция кызматтык кылмыштарга кирет. Бул үчүн кызмат адамы ыйгарым укугунун алкагында кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылыгына карата чечим кабыл алышы керек. Менин милдетим ошол кезде Баш мыйзамдын текстин даярдап, иштеп чыгуу гана болгон. Менин ыйгарым укугум ошонун эле алкагында болчу. Мен мындан башка иштер боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алууга таасир эте алмак эмесмин. Мен аталган укугумду кандай пайдаландым? Аны өзүмдүн же башка бирөөнүн жеке кызыкчылыгына карата пайдалангандыгым тууралуу айыптоо корутундусунда бир сөз жок. Менин кандайдыр бир кылмыштуу аракетимдин кесепетинен мамлекетке же жаранга материалдык зыян келтирилгени тууралуу кылмыш ишинде эч нерсе жок».

Жогорку сот 21-августта жаңы ачылган жагдай деп тапкан далилдердин бири - 2010-жылы 13-майда ошол кездеги өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Дүйшөнкул Чотоновдун Бишкекте болбогону.

«Биздин 2010-жылы 13-май күнү Ошко учуп кеткенибизди «Кыргыз навигация» ишканасы мурда Атамбаевден чочулап, расмий түрдө ырастай алган эмес. Кийин депутат Жанарбек Акаевдин суроо-талабы менен алынган бул мекеменин расмий жообу азыркы учурда кылмыш ишине тиркелди. Биз ошол күнү генерал Исмаил Исаков баш болгон ошол кездеги ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Алымбеков, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Курманакун Матенов баш болгон бир топ аскер адамдары менен бирге кырдаалды жөнгө салыш үчүн Ошко учкан болчубуз. Буга чейин күбөлөр оозеки көрсөтмө берип, бирок соттор аны атайылап көңүлгө албай келсе, эми азыр документалдык негизде расмий түрдө тастыкталды. Биз менен чогуу ошол оор кырдаалда бирге болгон Ош облусунун жана Ош шаарынын ошол учурдагы жетекчилери да сотко келип, өз оюн айтат деген ишеним бар», - деди Дүйшөнкул Чотонов.

Деген менен биринчи сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар Чотонов менен Текебаевге коюлган мурдагы эле айыптоо корутундусун кайра окуп беришти.

«2010-жылы 13-майда Маевский, Модин, Маматкеримов, Чотонов ошол кездеги парламенттин имаратына барышып, ал жактагы Текебаевдин кызматтык бөлмөсүндө сүйлөшүүлөр болгон. Анда Өмүрбек Текебаев өзүн өзгөчө ыйгарым укуктагы жогорку кызмат адамы катары тааныштырып, Леонид Маевскийге «Альфа-Телеком» жабык акционердик коомунун акцияларын сатып алууну сунуш кылган. Бул үчүн алгач Маевскийге караштуу адамды компаниянын башкармалыгына киргизүүгө көмөктөшүү маселеси сүйлөшүлгөн. Ошол эле күндүн экинчи бөлүгүндө Текебаев менен Чотоновдун демилгеси менен сүйлөшүүлөр Аламүдүн районундагы «Супара» ресторанында улантылган. Анда Текебаев Маевскийдин өкүлдөрүн «Альфа-Телекомго» киргизиш үчүн андан 1 млн. АКШ долларын талап кылып, келечекте компаниянын акцияларынын көзөмөл пакетин Леонид Маевскийдин сатып алышына көмөк көрсөтүү милдетин алган».

Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту камакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Убактылуу өкмөттүн жолугушуусу

Ал арада 2010-жылдын апрель окуясынан кийин түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ушул жумада бейформал чөйрөдө чогулушканы маалым болду. Буга саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагына чыгарылганы себеп болгон.

Жолугушууга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн көбү, анын ичинде Роза Отунбаева, Темир Сариев, Кенешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Эльмира Ибраимова, Болот Шер, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов катышты. Убактылуу Өкмөттүн дагы бир мүчөсү, Кой-Таштагы окуяларга жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте бошогонуна байланыштуу иши боючна кармалып, кийин да оор жана өзгөчө оор айыптар коюлган Алмазбек Атамбаев УКМК абагында отурат.

Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде өзүнүн мурдагы санаалаштары болгон Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн сындап, алар кийин каршылаштарга айланган. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, алар Алмазбек Атамбаевдин тушунда куугунтукка кабылышкан.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү.
Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү.


Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү акыркы жолу 2016-жылы, Атамбаев конституциялык реформа өткөрүү ниетин билдиргенден кийин жолугушан. Алар өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулап, ошол кезде Атамбаев баштаган бийлик сунуштаган конституциялык реформага каршы болушкан.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү 15-сентябрда болсо, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды талкуулашты.

Убактылуу Өкмөт: президентке сын айта алабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:02 0:00

Чубалган башка соттор

13-сентябрда болсо Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анда күбө катары экс-премьер-министр Темир Сариев Кулматов мэр болуп турган учурда курулган Калыс-Ордо конушундагы мектеп эпизоду жөнүндө көрсөтмө берди.

Ал экономика министри болуп турганда өзү жетектеген мекеме курулуш боюнча бүтүм даярдаганын айтты. Сариев жаңы конуштарда жагдай оор болгонун, мектеп туура курулганын жана каражат максаттуу пайдаланылганын билдирди. Ушул эле сотто дагы бир мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев күбө катары көрсөтмө берди.

Ал да Калыс-Ордо конушунда курулган мектепке байланыштуу көрсөтмө берип, өзү өкмөт башына 2014-жылы келгенин, ага чейин билим берүү жана мектептердин курулушу менен алектенбегенин, ошондуктан объект боюнча кандай чечим кабыл алынганын билбей турганын айтты.

Жоомарт Оторбаев ошондой эле анын учурундагы өкмөттүн токтому мектепти долбоорлоо процесси эксперименталдык деп мерчемдегенин, ага эч кимден басым болбогонун кошумчалады.

Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтышууда. Акыркы жолу Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын караган учурда алардын абактагы мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узарткан.

10-сентябрда болсо Улуттук тарых музейинин оңдолушуна байланыштуу соттук иш каралып, дагы эки апта артка жылды. Бул иште негизги айыпталуучу катары өтүп жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков анкеталык суроолорго жооп берүү менен ден соолугу начар экенин белгилеп, сотту артка жылдырып турууну өтүндү.

Ал мойнуна таянчык тагынып турду жана тике турганда башы айланып жатканын, жатып же отуруп эс алышы керек экенин айтты.

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Мира Карыбаева, Улукбек Матисаков, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Исаков менен Карыбаевадан башкасы тергөө менен кызматташууга макул болгон үчүн алардын иштери бөлөк каралууда.

2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги мамлекеттик тарых музейин оңдоону өзүнө алып, ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат караган.

9-сентябрда болсо, Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча сот иши уланып, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев суралды. Бул тууралуу камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

"Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде Соода экономикалык маселелер боюнча кеңеш деген бөлүм бар. Эрлан Абдылдаевге ушул бөлүмдүн Кыргызстандын президентинин аппаратына, башка министрликтерге «ЖЭБди оңдоого TBEA компаниясын гана сунуш кылабыз» деп жиберген каттары боюнча суроолор берилди. «Бул каттар Кытай өкмөтүнүн позициясын көрсөтөбү?» деген суроолорго Эрлан Абдылдаев «ооба» деп жооп узатты", - деди Жоошев​.

Райондук сот ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу шек саналган мурдагы чиновниктердин жактоочуларынын күбөлөрүн сурай баштады.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG