Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:44
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы: (солдон оңго) Элвира Сурабалдиева, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов. «Азаттыктын» коллажы.
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы: (солдон оңго) Элвира Сурабалдиева, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов. «Азаттыктын» коллажы.

Өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеште президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинети менен чогуу ант берди.

Кыргызстандын 29 жылдык эгемен тарыхындагы 31-өкмөттүн курамы 14-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бекитилген.

6-октябрдагы башаламандыктан кийин түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаров алгач өкмөт башчы болуп президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган соң, президенттин да милдетин аткаруучулук кызматты колуна алган. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү кырдаалдын тынчтыгы үчүн кызматынан баш тартканын жарыялаган.

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын мөөнөтү бүгүн, 28-октябрда аяктайт. Бирок парламент депутаттары кийинки чакырылыштагы депутаттар шайланып келгенге чейин иштеп берүүгө макулдугун беришкен.

11:11 28.10.2020

Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиеванын социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке талапкерлигин жактырышты. Буга чейин бул кызматты Аида Исмаилова ээлеп келген.

Бүгүн, 28-октябрда биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков депутаттарга Сурабалдиеванын талапкерлигин сунуш кылган.

Депутаттар Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырышты.

12:00 28.10.2020

12:06 28.10.2020

Парламентте талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине каралып жаткан Аида Исмаилова 28-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттардын сынына кабылды.

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев Исмаилованын пандемия учурунда шайлоого катышканын белгилеп, “Сиз сыяктуу чиновниктер бардык эрежелерди уятсыздык жана жоопкерчиликсиздик менен жерип, шайлоого барып, 5-октябрдагы окуяга салым кошту” деп айтты.

Исмаилова күнөөсү жок экенин белгилеп, шайлоого оору боюнча кырдаал жөнгө салынгандан кийин кеткенин айтты.

Ошондой эле ал парламенттик кайра шайлоого катышар-катышпасын так айткан жок.

12:12 28.10.2020

Депутат Сайдулла Нышанов: - Канатбек Исаевди спикерликтен кетирүү боюнча демилге көтөрүлүп, мага кол койдурганы келишти. Бирок мен ага кол койгон жокмун.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG