Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы: (солдон оңго) Элвира Сурабалдиева, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов. «Азаттыктын» коллажы.
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы: (солдон оңго) Элвира Сурабалдиева, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов. «Азаттыктын» коллажы.

Өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеште президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинети менен чогуу ант берди.

Кыргызстандын 29 жылдык эгемен тарыхындагы 31-өкмөттүн курамы 14-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бекитилген.

6-октябрдагы башаламандыктан кийин түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаров алгач өкмөт башчы болуп президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган соң, президенттин да милдетин аткаруучулук кызматты колуна алган. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү кырдаалдын тынчтыгы үчүн кызматынан баш тартканын жарыялаган.

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын мөөнөтү бүгүн, 28-октябрда аяктайт. Бирок парламент депутаттары кийинки чакырылыштагы депутаттар шайланып келгенге чейин иштеп берүүгө макулдугун беришкен.

12:00 28.10.2020

11:11 28.10.2020

Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиеванын социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке талапкерлигин жактырышты. Буга чейин бул кызматты Аида Исмаилова ээлеп келген.

Бүгүн, 28-октябрда биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков депутаттарга Сурабалдиеванын талапкерлигин сунуш кылган.

Депутаттар Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырышты.

11:07 28.10.2020

Дастан Бекешев: - Пандемия күчөп турган июль айында өкмөт өтө жаман иштеди. Эл нааразы болгон. Сиз өзүңүзгө кандай баа бересиз, кандай иштедиңиз? Ошол маалда кайда болдуңуз?

Аида Исмаилова: - Мен оор учурда келдим, күнү-түнү иштедим, жумушта түнөдүм. Жасаган иштерим социалдык тармактардагы баракчаларымда бар. Эл үчүн жакшы иштеп бердим деп айта алам.

Дастан Бекешев: - Ошол маалда сиз шайлоого катышпайм деп, кайра шайлоого бардыңыз. Эми кайра шайлоого катышасызбы?

Аида Исмаилова: - Министрликке эл үчүн иштегени келатам. Ушул жерде элге пайда алып келейин дедим. Эртең эмне болорун билбейбиз.

Дастан Бекешев: - Өкмөт июлда абдан начар иштеди. Сиз да координация кыла алган жоксуз. Ошол маалда эч кимди таппай калдык. Садыр Жапаров башка кадрды тапса болмок.

Аида Исмаилова: - Саламаттык сактоо тармагы 30 жылдан бери талкаланган абалда келатат. Биз ошондой кырдаалда вирус менен күрөштүк.

10:40 28.10.2020

Акылбек Жапаров: - Премьер-министр Садыр Жапаровдун мени иштен бошотуу тууралуу чечимин сыйлайм, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн кабыл алгандыр, бул чечимге баш ийем.

Кечээ президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кеңешчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровду кызматтан алганын билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG