Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл

Шайлоодо Жээнбеков алдыга чыкты

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу добуштар саналууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, добуш берүүлөргө 1 миллион 690 миңден ашуун шайлоочу келди. Шайлоого катышуу 55, 93 пайызды түздү.

Акыркы алдын ала эсептер боюнча талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Ага шайлоого катышкан элдин 917 миңден ашууну добуш берген, бул 54 пайыздан ашык көрсөткүч.

Ал эми шайлоодогу анын башкы атаандашы, парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Ал 564 миңден ашуун добуш топтоп, 33 пайыздан ашуун добушка ээ болду.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миңден ашуун же 5 пайыздан ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 3 пайызга жакын добуш менен төртүнчү орунда турат.

Дагы бир талапкер Таалатбек Масадыков 10 миңден ашуун шайлоочунун добушу менен бешинчи катарда.

Улукбек Кочкоровго берилген добуштар 0, 55% же 8 миңден ашканы Боршайкомдун сайтындагы электрондук эсепте көрсөтүлүп турат.

Азимбек Бекназаровго 0.16%, Арстанбек Абдылдаев 0.12%, Арсланбек Малиев 0.1%, Эрнис Зарлыков 0.09%, Токтайым Үмөталиева 0.09% добуш алса, шайлоочулардын 0.69 пайызы баарына каршы болгон.

Шайлоодо 11 талапкер ат салышты. Биринчи турда жеңип чыгуу үчүн талапкер шайлоого катышкан элдин 50 пайыздан ашыгынын добушун алышы керек.

Ал эми аймактар боюнча алганда Бабанов менен Жээнбеков төмөндөгүдөй добуш алган.

Чүй облусу: Бабанов — 50,92%, Жээнбеков — 37,26%

Талас облусу: Бабанов 85,55%, Жээнбеков — 12,77%,

Ысык-Көл облусу: Жээнбеков — 50,7%, Бабанов — 42,26%,

Нарын облусу: Жээнбеков — 56,05%, Бабанов — 36,84%,

Жалал-Абад облусу: Жээнбеков — 59,35%, Бабанов — 27,83%

Ош облусу: Жээнбеков — 72%, Бабанов — 18,3%,

Ош шаары: Жээнбеков — 72,3%, Бабанов — 18,73%,

Баткен облусу: Жээнбеков — 57,39%, Бабанов — 20,53%.

Шайлоонун жыйынтыгы улам жаңыланууда.

23:11 15.10.2017

Бишкек убактысы боюнча саат 22:00гө карата Орусиянын Екатеринбург шаарындагы, Индия, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Бириккен Араб Эмирлигинде шайлоо участоктору жабылды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ушу тапта Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Беларус, Түркиянын Анкара, Стамбул шаарларында, Иран, Сауд Арабия, Катар, Кувейт, Украина, Швейцария, Бельгия, Австрия, Германиянын Берлин, Бонн, Франкфурт калааларында, Британия жана АКШнын Вашингтон шаарларында добушканалар иштеп жатат.

Чет мамлекеттерде консулдук каттоодон өткөн, биометрикалык маалымат тапшырып, шайлоочулардын акыркы тизмесине кирген жарандар добуш беришүүдө.

Мекеме кошумчалагандай, 20:00гө карата чет мамлекеттерде 18 580 жарандын 4829у добуш берди. Бул көрсөткүч чет жактагы шайлоочулар тизмесине илинген кыргызстандыктардын 25 пайыздан ашуунун түзөт.

22:35 15.10.2017

Сооронбай Жээнбековдун жеңишине кубангандар

22:24 15.10.2017

21:48 15.10.2017

Алматыдагы кыргыз жарандары кантип добуш беришти?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG