Ош-Бишкек жолунда кайнаган аптаптан какшаган суук аба ырайына чейин көрүүгө болот.
Ажайып Кыргызстан: Суусамыр, Ала-Бел, Токтогул
Ош-Бишкек жолу Кыргызстандын кооз аймагында жайгашкан. Анын жалпы узундугу 678 чакырымды түзөт. Эгер сиз Бишкектен Ошко жол тартсаңыз Суусамыр өрөөнүн аралап, Ала-Бел ашуусунан өтүп, андан ары Токтогул суу сактагычына көзүңүз түшөт.
1
Төө-Ашуунун түндүк-чыгыш тарабы.
2
Ош-Бишкек жолу. Сосновка капчыгайы.
3
Бишкек-Ош жолунун айрым бөлүгү Нарын дарыясына жанаша жатат. Нарын дарыясы - Кыргызстандагы эң чоң жана суусу мол дарыя. Сыр дарыянын оң курамы. Узундугу 534 чакырымды түзөт.
4
Төө-Ашуудан ашкандан кийин ушундай ажайып көрүнүшкө күбө болосуз.
5
Токтогул суу сактагычы сууну бууганда пайда болгон. Суу сактагычка 1974-жылдан баштап суу толтурула баштаган. Жалпы көлөмү - 19500 миллион куб метр. Узундугу - 65 чакырым, эң жазы жери - 12 чакырым, эң терең жери - 215 метр.
6
Ала-Бел ашуусу.
7
Жакадагы кулундар.
8
9
Жол боюндагы боз үй.
10
Күрпсай ГЭСи.
11
Ала-Бел ашуусу деңиз деңгээлинен 3184 метр бийиктикте турат жана ал Талас Ала-Тоосу менен Суусамыр кырка тоосунун кошулган жеринде жайгашкан.
12
Күрпсай - Нарын дарыясындагы ГЭСтердин бири.
13
Күрпсай ГЭСнин кызматкери иштеп жатат.
14
Төө-Ашуудан түшүп баратканда Суусамыр өрөөнү алаканга салгандай көрүнөт.
15
Токтогул суу сактагычы.
16
Сосновка капчыгайындагы Кара-Балта дарыясы.