Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Тынчтыктын баасы талкууга түштү


Коогалуу күндөр, Ош шаары, 24-июнь, 2010-жыл
Коогалуу күндөр, Ош шаары, 24-июнь, 2010-жыл

Кыргыз бийликтери жана жарандык уюмдар улут аралык ынтымакка жетишүү жолдорун издөөдө.

11-октябрда Бишкектеги “Ата-Түрк” эл аралык университетинде өткөн илимий конференцияда былтыр жайдагы каргашадан туура сабак алып, "бир аймакта коюн-колтук алышып жашай алабызбы" деген суроого жооп изделди.

Талкууга катышкан окумуштуулардын пикиринде, өткөн жылы түштүктө болгон кандуу окуя кимди болбосун эсине келтирип, улут аралык чыр-чатактарга жол бербөөгө тийиш. Дүйнө тарыхында этнос аралык кагылыштын арты кандуу жана аягы жок согуштарга жеткен.

Этностор аралык жаңжалдан кийин чек арага агылган тургундар, 23-июнь, 2010-жыл
Этностор аралык жаңжалдан кийин чек арага агылган тургундар, 23-июнь, 2010-жыл
Саясат таануу илиминин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев бул чөлкөмдө согушту болтурбоонун табигый өбөлгөлөрү бар деп эсептейт. Бул үчүн ал тили, дили жана теги бир түрк элдеринин ынтымагын арттыра турган “Аркадаштык”, башкача айтканда достук концепциясын сунуш кылууда.

-“Аркадаштык” этимологиялык жактан түрк тилинен чыккан сөз. Жөлөк болуу, бири-бирине жардам берүү деген маанини билдирет. Бул казактарда деле, өзбек тилинде деле ушул эле маанини билдирген сөз.

Конфликтолог Жыргалбек Касаболотов Кыргызстандагы аз улуттар өлкөнүн уңгусун түзгөн кыргыз эли менен жуурулушу кажет деген көз карашта. "Ош коогалаңынан кийин мунун зарылдыгын түшүнгөндөр көбөйдү", - дейт Касаболотов.

- Бул мамлекет ансыз мамлекет болбойт, ар кимиси ар кайсы жакты карап тура берет. Интеграциялык процесстер жүрбөй эле, тескери боло берет. Мисалы, орус тилдүүлөр Орусияны карашат, өзбек тилдүүлөр Өзбекстанды карашат. Былтыркы Ош окуялары адамдардын көзүн көп нерсеге ачып койду. Бул жерде жашаган адамдардын мекени Кыргызстан экендигин, алар ушул жерде гана эркиндикте жана жакшы укуктарга ээ экендигин көрсөттү.

Тажикстан элинин сабагы

Бишкекте орун алган Рудаки атындагы тажиктер ассоциациясынын жетекчиси Абдухалим Раимжанов жарандык согушту башынан кечирген тажик эли тынчтыктын баасын абдан жакшы билерин эске салууда.

- Тажик эли тынчтыктын баасын жакшы билебиз. Беш жылдык жарандык согуштун натыйжасында 200 миң адам набыт болуп, 1,5 млн эл качкын болду. Ошондой эле Тажикстан 10 миллиард доллардан ашык зыян тартты.

Ош шаары, 28-сентябрь, 2011-жыл
Ош шаары, 28-сентябрь, 2011-жыл
Айтмакчы, узак жылдардан бери катуу каршылашып келаткан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициясынын лидери Абдулла Нури биринчи ирет 1997-жылы май айында кыргыз борборунда жүз көрүшүп, Бишкек меморандумуна кол коюшкан. Ошондон тарта бул өлкөдөгү жарандык согуштун деми кайткан эле.

Окумуштуулар соңку жыйырма жылда дүйнөдө улут жана дин аралык, ошондой эле саясий, социалдык кагылыштар күчөгөнүн белгилешет. Бул жагдайдын экономикалык, социалдык жана кулк-мүнөз жагынан өз түшүндүрмөлөрү бар.

Калктар санынын көбөйүшү артынан энергетика булактарынын, жаратылыш байлыктарынын улам азайып баратышы тирештерге себепчи болуп жаткан сыягы бар дешет адистер. Мындан тышкары диний фактор жаңжалдардын өзөгүн түзүп жаткандыгы баса белгиленүүдө.
XS
SM
MD
LG