Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:30
Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды

Күч органдары "Манас" аэропортунда кармап кеткен Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

05:24 26.2.2017

05:26 26.2.2017

05:33 26.2.2017

“Азаттыктын” кабарчысын милиция бошотту

Сокулук РИИБсы "Манас" аэропортунун алдынан кармалган “Азаттыктын” кабарчысы Улан Эгизбаевди бошотту. Кабарчыбыз милицияга кармалып келгендер түшүнүк кат жазып, милициянын суроолоруна жооп берип жатканын айтты. Улан Эгизбев түшүнүк катты жазып берген соң, милиция аны тоскоолдуксуз бошоткон.

Бүгүн таңда “Манас” аэропортуна чогулган Өмүрбек Текебаевдин тарапташтарын милиция кармап кеткен. Алардын арасында журналисттерден тышкары, депутат Каныбек Иманалиев да болгон. Депутат кийинчерээк бошотулганын “Азаттыкка” өзү билдирди. Кармалгандардын бардыгы автобус менен Сокулук РИИБсына жеткирилген.

05:47 26.2.2017

Текебаевдин адвокаты УКМКга киргизиле элек

Өмүрбек Текебаевдин адвокаты УКМКга киргизиле элек. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди. Кылмышка шектүү кармалары менен адвокатына жолугууга укуктуу. Бирок укук коргоо органдары аны менен жолугууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат.

Адвокат Жакупбекова муну мыйзам бузуу катары баалап жатат.

Ал арада Текебаевдин ден-соолугу начарлаганы кабарланып, жубайы Айгүл Текебаева УКМКнын имаратына кирип, керектүү дары-дармектерин берип чыкты. Анын айтымында, саясатчы көпкө кармалышы мүмкүн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG