Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39
Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды

Күч органдары "Манас" аэропортунда кармап кеткен Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

14:09 26.2.2017

Жакупова: Текебаев президенттин буйругу менен камалды

Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен камалды. Мындай пикирин “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова УКМК алдында өтүп жаткан митингде “Азаттыкка” айтты.

- Бул президенттикке "мураскер операциясынын" башталышы. Бийлик мындан ары ага баш ийбеген адамдарды жана президенттикке талапкерлерди четинен коркутуп, камай берет. Андыктан бүгүнкү акцияны бийликтин талапкерлерге "жашыруун белгиси" катары түшүнсөк болот.

Учурда УКМК имаратынын алдына “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди боштондукка чыгаруу жана оппозицияны куугунтуктоону токтотуу талабы менен митинг өтүп жатат.

Ушундай эле талап менен нааразычылык акциялары Базар-Коргон районунда да өтүүдө. Мындан башка Ош шаарында да бүгүн митинг боло турганы кабарланды.

13:23 26.2.2017

Айрым депутаттар кезексиз сессияга чогулуу демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди эмне үчүн күч менен кармап кеткенин расмий органдардан сурашыбыз керек. Мындай пикирин КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды. Ал учурда бир нече депутат кезексиз сессияга чогулуу тууралуу маселени сүйлөшүп жатканын кошумчалады.

- Албетте, Өмүрбек Текебаев күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот далилдейт, тергөө иштери мыйзамга ылайык болушу шарт. Бирок чет элдик жарандардын сырттан туруп берген көрсөтмөсү менен белгилүү саясий ишмерди, оппозициялык фракциянын лидерин түндө камакка алуу - одоно ката. Ошого карабастан азыр бардык саясий күчтөр өлкөдөгү кырдаалды курчутууга кызыкдар болбошу керек, - деп жазды депутат Акаев.

Бир катар активисттер да Жогорку Кеңеш депутаттарын кезексиз жыйынга чогулууга чакырып, кол топтой баштады.

13:22 26.2.2017

Базар-Коргондо Текебаевди колдогон митинг өтүүдө

Базар-Коргон айылындагы райондук акимчиликтин алдында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. Анын катышуучулары бийликтен Текебаевди бошотууну талап кылышууда. Аны менен катар "атамекенчи" депутаттар Аида Саляновага, Алмамбет Шыкмаматовго карата саясий куугунтукту, КТРК баштаган мамлекеттик телеканалдар тарабынан бир беткей каралоону токтотуу талабын коюшту. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, мөөнөтсүз акция баштала турганын "Ата Мекен" партиясынын Жалал-Абад облусундагы координатору Кубатбек Артыков "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Айтылган талап аткарылбаса, бүгүн саат 16:00дө Ош-Бишкек жолун тосууга чейин барабыз.

Артыков кошумчалагандай, Базар-Коргондогу митингге Текебаевдин 200дөй тарапкери катышууда.

13:21 26.2.2017

Бабанов Текебаевдин камалышы тууралуу пикирин билдирди

Өмүрбек Текебаевге карата айып ачык угузулгандан соң, күч структуралары аны суракка алышы керек. Бирок, күнөө коюудан мурун күч органдары ар бир факты боюнча кылдат иликтөө жүргүзүшү зарыл. Мындай пикирин “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди:

- Текебаевди камакка алуу ашыкча болуп калды. Менимче, ал бардык коюлган айыпты эске алып, тергөө менен ачык кызматташууга даяр. Анын чет өлкөдө калбай Кыргызстанга учуп келиши жогорудагы айтылгандарга далил.

Өмүрбек Бабанов “Азаттыкка” билдиргендей, бардык тарап укуктук негизден ашпай иш жүргүзүшү керек жана чындык мыйзам аркылуу аныкталышы шарт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG