Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:07
Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды

Күч органдары "Манас" аэропортунда кармап кеткен Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

07:51 26.2.2017

Урумканова: “Сентябрь” каналын өчүрүү аракети болду

Үзгүлтүккө учураган санариптик берүүдөгү экинчи мультиплекс төрт сааттан кийин кайра жанданды. Бул тууралуу “Сентябрь” каналынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн таңкы саат үчтөн баштап экинчи мультиплекске кирген 21 каналдын бардыгы эфирден чыкпай калды. Урумканова муну бийликтин “Сентябрь” каналын токтотуу аракети катары баалап жатат:

- Таңкы үчтө Өмүрбек Текебаевди кармоо операциясы башталгандан тарта “Сентябрь” каналынын сигналы дагы чыкпай калды. Бирок “Сентябрь” экинчи мультиплекске киргендиктен биздин канал менен чогуу 21 канал эфирден чыкпай калды. Санарипте “Сентябрды” жалгыз өчүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан башка каналдар дагы эфирден чыкпай калгандан кийин эртең мененки саат жетиден кийин бийлик айла жок кайра сигналды туташтырды деп ойлоп жатам.

Бул боюнча расмий органдардын жана тиешелүү тараптардын пикири белгилүү боло элек. 25-февралда Башкы прокуратура оппозициядагы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш ишин козгогон. Аны Венадан ЕККУнун жыйынынан Бишкекке учуп келгенде өткөн түнү УКМК кармаган эле. Учурда ал Коопсуздук органынын убактылуу кармоочу жайында 48 саатка камакка алынды.

07:45 26.2.2017

Бакыт Бешимов: "Айрым жаңы чыгып келаткан кландар жана оппозициялык топтор бул кырдаалды Атамбаев менен Текебаевди саясий жактан обочолонттуу үчүн колдонушат".

07:37 26.2.2017

07:23 26.2.2017

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG