Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.

Бишкекте оппозициянын митинги аяктады

Улуттук оппозициялык кыймылдын тынчтык митингдери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта өттү. Мындан тышкары Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында да эл чогулду.

Бүгүн оппозиция тынчтык митинги өтөөрүн бир апта мурун жарыялаган.
10:59 10.4.2014
10:52 10.4.2014
10:51 10.4.2014
Бишкектин темир жол вокзалында чогулгандарды үч автобус менен келген күч кызматкерлери алып кетүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы, "Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укугу боюнча конгресси" коомдук уюмунун жетекчиси Турсунбек Акун билдирди. Аталган уюмдун 12 өкүлү бүгүн Бишкекте өтө турган оппозициянын митингине мониторинг жүргүзүүдө.
10:50 10.4.2014
Аймактагы кабарчыбыздын билдиргени боюнча, бүгүн эртең менен милициянын атайын даярдыктагы тобунун кызматкерлери облустук мамлекеттик администрациянын алдына чогулушкан. Ушул тапта алар мамлекеттик администрация мекемесинин ичине киргизилишти. Азырынча аянтта чогулган эл байкалбайт. Облустук милиция митинг өткөрүү тууралуу эч кимден маалымдама түшпөгөнүн билдирди. Шаарда кадимкидей эле жашоо өкүм сүрүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG