Үчүнчү Дүйнөлүк оюндарынын Чолпон-Ата шаарында өткөн жабылыш аземине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон өкмөт өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын алкагында Көчмөндөрдүн кийинки оюндарын өткөрүү эстафетасы Түркияга берилди.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин башкы директору Канат Аманкулов мөңгүнүн суусун жана Көчмөндөр оюндарынын туусун Түркиянын спортчусу, Олимпиада оюндарынын чемпиону Хамза Ерликаяга тапшырды.
Жабылыш аземинде сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Абылгазиев III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда маанилүү окуялардын бири болуп калганын, бул улуттардын, ар кайсы конфессиялардын биримдигин бекемдеген ири иш-чарага айланганын белгиледи.
Спорттук, маданий иш-чаралар жогору деңгээлде өткөнүн айтып, кыргыз элинин мекенчилдигин жана меймандостугун баалап, уюштуруучуларга, иш-чарага катышкан бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.
Түз эфир
Буга чейин Көчмөндөр оюндарынын эн белгиси Кыргыз Республикасына таандык болгондуктан Түркия аны Кыргызстандын уруксаты менен колдоно турганын Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов билдирген. Ал оюндардын логотиби өзгөрбөй турганын кабарлаган.
Көчмөндөр оюндары бир жума мурда
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда саат 20.00дө Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданда салтанаттуу түрдө ачылган.
Быйылкы салтанатка Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышты. Мындан тышкары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Бириккен Араб Эмирлигине караштуу Фужейра эмирлигинин мураскер ханзаадасы, шейх Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Ал-Шарки да Кыргызстанга келишти.
- Дүйнөдөгү саясий, экономикалык, экологиялык жана маданий процесстердин темпи тездеди. Технологиялар ыкчамдык менен өзгөрүүдө. Бул көрүнүштөр адамзаттын алдында жетишкендиктер менен катар жаңы көйгөйлөрдү жаратты. Ушундай шартта көчмөн элдердин дөөлөтүн, мурасын, каада-салтын жандандыруу — зор мааниге ээ. Ал дүйнө элдеринин ынтымагын бекемдеп, гуманизмдин идеалдарын жайылтууга, табиятка, адам коомуна болгон мамилени өзгөртүүгө негиз боло алат. Көчмөндөр цивилизациясы — дээрлик миңдеген жылдык тарыхты камтыйт, - деди Сооронбай Жээнбеков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында сүйлөп жатып.
Көчмөндөр оюндары жана саясат
2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин Кыргызстан кезекти Түркияга өткөрүп бере турганы кабарланган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Түркияны сындагандан кийин Анкара оюн өткөрүүдөн баш тартып койгону айтылган.
Иш-чара 2014-жылдан бери эки жылда бир жолу Кыргызстанда өтүп келген.
Бул жылы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында сүйлөп жатып, келерки иш-чара Түркияда болорун расмий билдирди. Ал түрк президенти Режеп Тайип Эрдоганга оюндарды ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы мамлекеттик сапары учурунда эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин жыйынтыгы менен 12 документке кол коюлду. Анын ичинде аскерий-финансы кызматташтыгы тууралуу протокол, аба каттамдары боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколу, өкмөт аралык бажы комитетин түзүү боюнча меморандум жана “Маариф” кору менен кызматташтык тууралуу меморандум сыяктуу документтер бар.
Көчмөндөр оюндарынын ачылышынан кийин 3-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өттү. Бул ирет Өзбекстан уюмга расмий түрдө кошулушу ыктымалдыгы айтылды.
Чолпон-Атада саммиттин декларациясына кол коюлуп, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды.
Саммитте кеңештин мурдагы баш катчысы Рамил Гасан кызматын тапшырып, ордуна 59 жаштагы Багдат Амреев бекитилди. Жаңы баш катчы Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин 2019-жылдагы саммити Азербайжанда өтө турганын билдирди. Ал Өзбекстан азырынча уюмга кошула электигин, "жакын арада толук кандуу мүчө болот" деп ишенерин кошумчалады.
Бул жолу Түркмөнстандын жетекчилиги саммитке катышкан жок. Буга чейин келери кабарланган Гурбангулы Бердимухаммедов эмне себептен жыйынга катышпаганы расмий түшүндүрүлгөн жок.
Кыргыз-мажар кызматташтыгы
Көчмөндөр оюндарынын ачылышына, кийинки күнү өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин жыйынына катышкан Виктор Орбан Кыргызстандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Венгер премьер-министринин Кыргызстанга алгачкы сапарында туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Орбан менен Жээнбековдун бир саатка жетпеген сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында президенттер кызматташтык боюнча билдирүүгө кол коюшту. Мындан башка туризм тармагында алаканы өнүктүрүү боюнча бир гана меморандумга кол коюлду.
Сүйлөшүүлөр негизинен эки элдин тектеш экени, маданияттардын окшоштугу боюнча сөздөр менен коштолду.
Бирок президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан бул өлкө менен экономикалык кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экенин билдирди:
- Биз жакын арада соода-экономикалык өкмөт аралык комиссиянын ишин жандандырууну макулдаштык. Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында кредиттик линия ачуу боюнча сүйлөшүү болду. Ал жакын арада башталат жана кредиттик линия Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу ачылат.
Виктор Орбан болсо эки улут ортосундагы тарыхый жакындыкка басым жасап, мамиленин өнүгүшүнө дал ушул тилдин жана маданияттын окшоштугу өбөлгө болот деп ишеним артты.
Премьер Орбан Европада мажарларды жалаң жат элдер курчап турганын айтып, түбү бир мамлекеттер алаканы өнүктүрүүнү кааларын билдирди:
- Венгрия Европадагы өлкөлөр сыяктуу эле өнүгүп жатат. Бизди жат элдер курчап турат жана биздин туугандарыбыз жок. Ошондуктан Венгрия өзүнүн географиялык, маданий жана рухий тамырларына кам көргүсү келет, - деди Орбан.
Виктор Орбан Жээнбековду Будапештке чакырды. Акыркы жолу экс-президент Роза Отунбаева 2011-жылы Венгриянын борбор калаасы Будапештке сапар менен барган.
Кыргызстан менен Венгриянын дипломатиялык байланышы 1992-жылы башталган. Бирок өткөн 25 жылдан ашык убакыт аралыгында чеке жылытарлык алака түзүлгөн эмес.
Кырчын: Экс-президент жана биринчи айымдар
3-сентябрда Кырчындагы этношаарчанын расмий ачылышы болду. Ага 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитине катышып жаткан өлкө башчылар күбө болушту.
Ага Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган, экс-президент Роза Отунбаева жана Кыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева дагы барды.
Театралдаштырылган фестиваль “Көчмөндөрдүн алтын кылымы” деген аталышта болду. Ошондой эле эл аралык этно-экологиялык “Мөңгү” кинофоруму өттү.
Көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүгү
Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн үч миңден ашык спортчу келди.
Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун айтымында, ушул күнгө чейин оюндарга катышуу үчүн 66 мамлекеттен жана Орусиянын он бир субъектисинен 1556 киши арыз берген. Оюндардын программасына спорттун 37 түрү киргизилди.
Маалыматка караганда, быйылкы жылы 594 медал ойнотулду. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Быйылкы оюндардын жалпы байге фонду 28 миллион сом деп эсептелген.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, акыркы мелдеш күнү, 8-сентябрда тогуз коргоол, овари жана көчмөндөрдүн улуу күрөшүнөн байгелер берилди.
2-сентябрда башталган оюндарда жалпысынан спорттун 37 түрүнөн байгелер ойнотулду.
Мелдештердин жыйынтыгында Кыргызстандын спортчулары 103 байге (40 алтын, 32 күмүш, 31 коло) топтоп, командалык эсепте медал алган өлкөлөрдүн катарында көч башын жетектеди.
Казакстандын спортчулары 18 алтын, 24 күмүш, 34 коло топтоп экинчи орунду ээлесе, орусиялыктар 17 алтын, 12 күмүш, 27 коло байге алып 3-катарда жайгашты. Алдыңкы ондукта Түркмөнстан (27 медаль), Өзбекстан (33 медаль), Венгрия (12 медаль), Иран (12 медаль), Украина (9 медаль), Монголия (17 медаль), жана Түркия (6 медаль) командалары турат.
Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 19 өлкөдөн 583 спортчу катышкан. Мелдештер спорттун 10 түрү боюнча өткөрүлгөн.
Ал эми 2016-жылы экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 62 өлкөнүн 1200 спортчусу катышкан. Мелдештер спорттун 26 түрү боюнча өткөрүлгөн.
Көкбөрү: Кыргыз улакчылары чемпион
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бүйүр кызыткан бул көкбөрү оюну болду окшойт.
Франциянын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы өзүнүн тарыхында биринчи жолу көкбөрү боюнча расмий оюн өткөрдү. 4-сентябрда алар Башкырстан командасы менен ойноп, 2:0 эсебинде утулуп калды.
Бул күнү Америка Кошмо Штаттарынын улакчылары менен Красноярск шаары беттешти. Бул оюн Орусиядан келген улакчылардын ири эсепте жеңиши менен аяктады. Америкалыктардын үч улагына Красноярск 18 гол менен жооп берди.
6-сентябрда жарым финалдык оюнда кыргызстандык көкбөрүчүлөр Орусиянын Москва облусунун командасын 23:5 эсебинде жеңип алды.
Күйөрмандар финалда кыргыз жана казак командалары ойнойт деп күтүп жаткан. Бирок 6-сентябрда өткөн мелдеште Казакстан менен Өзбекстандын улакчылары ойноп, жеңиш өзбек оюнчуларга ооп кетти.
7-сентябрда Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы менен Өзбекстандын командасы ойноду. Натыйжада 32:9 эсебинде жеңип алган кыргыз көкбөрүчүлөрү III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болду.
Кыргызстан бул мелдеште жалпысынан үч оюн өткөрдү. Тайпалык мелдеште А тобунда ойноп, Монголия курама командасын 29:5 эсебинде жеңди. 2-турда Алтай командасынын оюнчулары Кыргызстан менен боло турган оюнга толук курамда чыкпагандыктан алтайлыктарга техникалык утулуш жазылды. Жарым финалда Кыргызстан Орусиянын Москва облусунун командасы менен беттешип, 23:5 эсебинде жеңип финалдык таймашка чыккан эле.
Бул мелдеште 3-орунду Казакстандын командасы алды. Казакстандыктар коло байге үчүн беттеште Орусиянын Москва облусунун улакчыларын 17:1 эсебинде утуп алды.
2-сентябрда башталган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкбөрү боюнча мелдештерге жалпысынан 11 команда катышты. Мелдештин байге фонду 6 млн. 200 миң сомду түздү. 1-орунга 3 млн. сом, 2-орунга 1,5 млн. сом, 3-орунга 1 млн. сом акчалай сыйлык берилди. Андан сырткары “мыкты оюнчу” жана “мыкты аргымакка” 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
Көчмөндөр оюндары жана дүйнө
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө көрсөтүлдү.
Бул тууралуу оюндун уюштуруучулары билдиришти. Жалпысынан 56 өлкөнүн чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын 604 өкүлү катышты.
Алардын ичинен 50сү телеканал, 12си радиостанция, 67си маалымат агенттиги, 48и газета жана 50сү эркин блогерлер. Оюндарды чакылдырууда дүйнөдөгү белгилүү, BBC, The New York Times, Financial Times, National Geographic Society, Associated Press, Канаданын «Journal of Nomads» журналы, «Aljazeera network», CCTV Кытай телеканалы, Казастандын «Хабар» сыяктуу бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү иштеди.
Мындан сырткары Көчмөндөр оюндарын 70тей жергиликтүү маалымат каражаттары чагылдырды. Алардын ичинен 26сы Интернет басылмалары, жетиси радио, 30дан ашыгы мамлекеттик, облустук, жеке телеканалдар, 12си басылмалар.
Миң манасчы, миң боз үй
2016-жылдагы Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде 1000 комузчу комуз чертсе, бул жылы 1000 киши "Манас" айтып, конокторго да "Манастын" тексти жазылган баракчалар таратылган. Мындан сырткары миңдеген актерлор, бийчилер, музыканттар катышкан. Бийге негизинен “Шаттык” ансамблинин окуучулары тартылды. Калгандары өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттери, жаштар болду.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатын Алтынбек Максүтов баш болгон режиссерлор тобу даярдаган. Сценарийдин авторлору - Султан Раев, Элеонора Турдубекова, Виктор Фельт, Светлана Цвитенко. Сценарийдин авторлорунун бири Султан Раев оюнда көчмөндөр ааламын, жан дүйнөсүн, рухун, көчмөндөрдүн аалам менен болгон катнашын, табият менен болгон жуурулушуусун, ошондой эле көчмөндөрдү байыркы маданиятты алып жүрүүчүлөр катары көрсөтүүгө аракет жасалганын белгиледи.
"Эң башкысы көчмөндөрдүн цивилизациясы жалпы адамзаттын цивилизациясынын бир бөлүгү экени, анын ажырагыс бутагы экени көрсөтүлдү", - деп белгиледи Раев.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын этношаарчасында миңдей боз үй тигилди.
3-6-сентябрь күндөрү ал жерде Этнобазар, Хан ордо, чет элдик катышуучулардын жана коомдук бирикмелердин ордолору, Пресс-ордо иштеп жатты. Кыргызстандын жети облусунун жана Бишкек, Ош шаарларынын ордолору да конок тосту.
Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов “Азаттык” радиосуна быйылкы оюнду көрүүгө 60-70 миңдей турист келгенин билдирди.
- Көчмөндөр оюндарынын Кырчын жайлоосундагы ачылышына 2016-жылы 30 миңге жакын адам келген. Быйыл бир күндө, ачылышына эле 150 миңдей адам келди. 2016-жылы Көчмөндөр оюндары учурунда 15-20 миңдей чет элдик жарандар турист катары келген. Быйыл болжол менен 60-70 миңге жакын деп эсептеп жатабыз.
Көчмөндөр оюндарынын шарапаты менен Кырчында жана Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиядан келген соодагерлер да өз товарын сунуштап жатышты.
Алсак, кол өнөрчүлөрдүн "Оймо" фестивалына Өзбекстандын Бухара шаарынан келген Анвар Бабаев 20 кутудай чопо идишин сатып үлгүргөн.
Өзбек кол өнөрчүлөрүнүн колунан жаралган бул идиштер 100 сомдон 7 миң сомго чейин сатылган.
7-сентябрда Кырчындагы этношаарча ишин жыйынтыктады. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурган катчылыктын төрагасынын орун басары Айжан Абдесованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, андагы таштандыларды тазалоого 500дөн ашуун киши тартылды. Алардын басымдуу бөлүгү Көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары болгон. Мындан сырткары жайлоону тазалоо иштерине “Тазалык” муниципалдык ишканасы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тартылды.
Иш болгон жерде кемчилик да болобу?
Элдин келиши менен Кырчында даараткана жетишпестиги, уурулук сыяктуу жагымсыз көрүнүштөр да болуп жатты.
3-сентябрда Кырчын жайлоосунда спорттук жана маданий иш-чаралардын ачылыш убагында ажатканага кезек күткөндөр аябай көп болуп, элдин нааразылыгы жаралган.
Бирок ал көйгөй чечилгенин Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов билдирген.
- Даараткана маселелер боюнча кемчиликтер болгон. Бирок алар биринчи күнү Кырчын иштей электе болгон кемчиликтер эле. Бүгүнкү күндө андай кемчилик көргөн жокпуз, бардык дааратканалар толук иштеп атат. Бир гана кезек күтүү маселе болбосо, башка маселе жок.
Жалпысынан Кырчындагы коопсуздукту камсыз кылууга 2 миң милиция кызматкери тартылган. Ошого карабай айрым тартип бузган, жагымсыз көрүнүштөр да болуп жатты.
Алсак, 5-сентябрда Британия жараны жайлоодогу өзү жашап турган боз үйдөн баалуу буюмдарды жоготконун айтып, милицияга кайрылган.
Андан тышкары Бельгиядан келген туристтин жоголгон жеке буюмдарын табууга жергиликтүү тургундар жардам беришкен. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Вильгельм Шуберт Кырчын жайлоосунда тигилген боз үйлөрдү кыдырып жүрүп баштыгын унутуп кеткен.
Ошондой эле милиция кызматкерлери Дүйнөлүк банктын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Винаяк Нагаражга да жоготуп алган документин табууга жардам беришти.
Айрым туристтер уюштуруу иштеринде башаламандык орун алганына таң калганын жашырышкан эмес.
Оюндун салмагы жана салымы
Жалпысынан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 2018-жылдын бюджетинен 303,1 миллион сом каралган.
Учурда оюнду өткөрүүгө жумшалган каражаттын суммасы эсептелип жатканын өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Көчмөндөр оюндарындагы спорттук иш-чараларга 128 млн. сом бөлүнгөн. Анын 28 миллиону байге фондуна бөлүнсө, 100 млн. сом уюштуруу, спортчуларды жайгаштыруу, иш-чараларды өткөрүү жайларын даярдоо, спорттук инвентарларды алууга жумшалган. Маданий иш-чараларга 7 миллион сом жумшалган.
Август айынын башында Көчмөндөр оюндары үчүн 270 таштанды челек даярдоого тендер өткөн. Анда контейнерлердин жалпы суммасы 1 миллион 826 миң 600 сомду түзөрү айтылган.
Көчмөндөр оюндарын уюштуруу иши буга чейин ар кандай пикир жараткан. Көпчүлүк аны бюджетке оорчулук келтирет деп сындашкан. Ошол эле маалда Кыргызстан бул оюн менен саясий, экономикалык, маданий жана туризм жагынан да көп утуштарга ээ болгонун айткандар болду.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 5-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Номад» амфитеатрында өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалынын ачылыш салтанатында сүйлөп жатып, "Көчмөндөр оюндары 2018-жылдын дүйнөдөгү үч эң маанилүү окуяларынын катарына кирди жана аны менен кошо кыргыз жергесине кут түштү" деп билдирди.
"Азаттык+": Санжыргалуу көчмөндөр
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.