Быйыл залкар дирижер, улуу композитор, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленип жатат.
Ал кыргыз маданиятына бир нече симфониялык бийлерди, сюиталарды, кантаталарды, ондогон аспаптык пьесаларды, элүүдөй вокалдык чыгармаларды калтырган.