Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00
Депутаттар сот залында, 29-март, 2013.
Депутаттар сот залында, 29-март, 2013.

LIVE BLOG: Депутаттарга өкүм чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы депутаттардын иши боюнча өкүм чыгарды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы үч депутаттын ишин кароону аяктоодо.

11:15 29.3.2013
Ташиев: Бийликти алыш керек деп айтканым чын

Сот жараянында Камчыбек Ташиев “бийликти алыш керек деп айтканым чын, бирок бийликти алуунун ар кыл жолдору бар”, - деп айтты. Ал аракети максатына жетип, Кумтөр маселеси туурасында журт билип калганын, алардын тарыхый кадамы кийин баасын аларын билдирди. Ташиев ага өкмөт башчы, спикер, президенттин аппарат жетекчиси, депутат Өмүрбек Текебаев келип “кечирим сура” деп сунушташканын айтып, бирок ал мындай кадамга барбаганын белгиледи.

Сот жараянында парламент депутаттары Бөдөш Мамырова, Надира Нарматова бар. Соттун сыртында турган депутаттардын жактоочуларынын кыйкырган үндөрү угулуп жатат.
11:19 29.3.2013
Жалал-Абад: Митингчилер соттун өкүмүн күтүүдө

Ушу тапта Жалал-Абаддын борбордук аянтында митингге даярдыктар көрүлүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, учурда ал жерде 60тай киши турат. Аянтта эки боз үй тигилген. Митингдин уюштуруучулары - "Ата-Журт" партиясынын камактагы лидер депутаттарынын тарапкерлери. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун өкүмүн угузушу мүмкүн.
11:40 29.3.2013
Жапаров: бийликти басып алуу үчүн чогулган эмеспиз

Бүгүнкү сот жараянында сүйлөгөн депутат Садыр Жапаров сентябрь айынын аягында бийликти басып алуу үчүн чогулбагандыгын, Камчыбек Ташиев проблемага Жогорку Кенештин көңүлүн бурдуруу үчүн ушундай кадамга барганын билдирди. Ал өз сөзүндө Кумтөрдүн баштан берки экологиялык зыяны 5 миллиард долларды түгөнүн айтып, кеч боло электе Кумтөр маселесин чечүүгө чакырды.
11:41 29.3.2013
Мамытов: Антымды бузган жокмун

Соттолуучулардын бири депутат Талант Мамытов акыркы сөзүндө 25-сентябрда Дүйшөмбү шаарында болгонун, элди топтоп келүүгө милдеттендирилбегенин билдирди. Мамытовго чейин сүйлөгөн Садыр Жапаров дагы сентябрь айынын аягында Талант Мамытов Тажикстанда иш сапарда болгонун тастыктаган.

Мамытов 3-октябрдагы митингге парламенттен өкүл катары барганын айтты. Ал өзүнө “элге берген антты бузду” деген айып коюлганын, бирок эч кандай ант бузбаганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG