Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47
Депутаттар сот залында, 29-март, 2013.
Депутаттар сот залында, 29-март, 2013.

LIVE BLOG: Депутаттарга өкүм чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы депутаттардын иши боюнча өкүм чыгарды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы үч депутаттын ишин кароону аяктоодо.

13:24 29.3.2013

Ташиевдин соттогу акыркы сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:28 0:00
12:32 29.3.2013
Ташиев: Сот адилет чечим чыгараарына ишенем
(Камчыбек Ташиевден сот залынан алынган маекти бул жерден угуңуз)

12:22 29.3.2013
Сот кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти

Сот айыпталуучулардын бардыгын угуп бүтүп, чечим кабыл алуу үчүн бөлмөгө кирип кетти. Азырынча өкүм качан чыгаары белгисиз. Соттун сыртында камалган депутаттардын жактоочулары микрафон менен “Боштондук!”, “Акталсын!”, “Эл силер менен!” деп кыйкырып жатышат. (AzK)
11:41 29.3.2013
Мамытов: Антымды бузган жокмун

Соттолуучулардын бири депутат Талант Мамытов акыркы сөзүндө 25-сентябрда Дүйшөмбү шаарында болгонун, элди топтоп келүүгө милдеттендирилбегенин билдирди. Мамытовго чейин сүйлөгөн Садыр Жапаров дагы сентябрь айынын аягында Талант Мамытов Тажикстанда иш сапарда болгонун тастыктаган.

Мамытов 3-октябрдагы митингге парламенттен өкүл катары барганын айтты. Ал өзүнө “элге берген антты бузду” деген айып коюлганын, бирок эч кандай ант бузбаганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG