Корей жомокторун кыргызчалаган Жазгүл
Түштүк Кореянын Йонсэ университетинде Корей тили институтунда магистратурада окуган Жазгүл Сманова корейчеден которгон элдик жомокторду жакында “Корея-Азия достук кору” беш башка китеп кылып чыгарды. Аларды жаңы окуу жылында Кыргызстандагы бардык мектептерге бекер таркатканы жатышат. Бул ой кантип жаралганы жөнүндө журтташыбыз “Азаттыкка” өзү айтып берген.