Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Каракол: таза аба, спорт, лыжа


Караколдогу тоо лыжа базасы деңизден 2300 метр бийиктикте жайгашкан. Ал Кыргызстандагы бардык талаптарга жооп берген базалардын бири деп саналат.

Ысык-Көл облусу негизинен туристтик зоналары менен таанымал болуп калды. Жайдын ысык аптабында туристтер Ысык-Көлгө келсе, кыштын чилдесинде Караколдогу лыжа базасында убакыт өткөрүшөт.

Лыжа базасында эс алып жаткандардын бири Елена Теншина Бишкектен келген. Елена айымдын айтымында, бул жерде эс алууга абдан ыңгайлуу шарттар түзүлгөн:

- Бул жерде биз 5 жылдан бери эс алабыз, абдан жагат. Башында тоого чыгуу абдан оор болчу, азыркыдай канаткалар жок эле. Жыл сайын жаңы өзгөрүүлөр киргизиле баштады. Балам экөөбүз сноубордго кызыгабыз, ал эми жолдошум менен кызым лыжа тебишет. Жаңы жылды да ушул жерде тосолу деп, алдын ала бөлмө даярдатып койдук. Биз башка жерлерде да эс алдык, бирок Караколдон жакшы жерди көрө элекпиз.

Еленанын кызы Екатеринага да Караколдогу лыжа (чаңгы) базасы абдан жагат экен:

- Мен жети жашыман баштап лыжа тебем. Бул жерге беш жылдан бери тажабай келип турабыз. Эс алуу абдан жакшы өтүп жатат.

Караколдогу лыжа базасынын башчысы Валерий Буйковдун айтымында, былтыркы сезон ойдогудай болгон эмес. Буга өлкөдө орун алган кайгылуу окуялар себеп болгон:

- Бүгүн сезондун расмий ачылыш күнү. Бирок спорт сүйүүчүлөр ноябрдын башынан бери эле лыжа тээп жүрүшөт. Былтыркы жылы кышкы туристтик сезондун ачылышы 30-октябрда болгон. Быйыл кар кечирээк жаап, мөөнөтүнөн кечигип ачылдык.

Туристтердин агымы ноябрдын ортосунда башталган. Валерий Буйков учурда эс алуучулардын агымы күндөн күнгө артып жатканын белгиледи:

- Эс алуучулардын негизги агымы Казакстандан болгондуктан USAID жергиликтүү өнүктүрүү долбоорунун алкагында эл аралык макам алган Алматы-Каракол аба каттамы аркылуу эми дүйшөмбү-жума күндөрү Казакстандын саякатчыларын ташый баштайт.

Казакстандын "Компас" туристтик агенттигинин өкүлү Бактияр Исмаилов аба каттамынын ачылышы менен эс алуучулардын саны көбөйөт деп ишенет:

- Жайында Алматы-Тамчы аба каттамын ачканда туристтердин саны бир кыйла арткан. Ошондуктан биз азыр да буга ишенип турабыз.

Алматы-Каракол аба каттамы эми кышкы сезон бүткөнгө дейре созулат. Жергиликтүү мэрия тарабынан аба каттамы менен келген эс алуучуларды базага жеткирүү үчүн атайын 20 машина даярдалган.

Туристтер үчүн мыкты эс алып кеткенден мурда адегенде коопсуздугу маанилүү эмеспи. Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жалил Илиппаев кышкы сезонго атайын линиялар түзүлүп, милиция кызматкерлери тартипти сактоого даяр экенин белгиледи.

- Биз бардык кызматкерлерди туристтик сезонго даярдап, күзөт кызматтын күчөттүк. Дагы штатты толуктоого 60 киши сурап жатабыз. Туристтик сезон тынч, жакшы өтөөрүнө ишенебиз.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG