Бул жерден бир эле күндө жылдын төрт мезгилин көрүүгө болот. Быйыл өзгөчө жаан-чачын көп болгондуктан чөп эми гана көтөрүлдү. 35 жылдан бери мал багып келаткан Ырысбек Элтуйбасовдун үй-бүлөсү быйыл да жайлоого чыкты. Алар 700дөн ашык кой, төрт үйүр жылкы жана 50дөн ашык уй багышат.
Май-Төрдүн өзү керемет...
Сүрөттөр Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Май-Төр жайлоосунан тартылган.

1

2
Бул койчу Мукай байке. Саясат, интернет менен иши деле жок, ал үчүн карамагындагы кой-козулар аман болсо болгону.

3
Ырысбек Элтуйбасовдун жубайы Жылдыз жана анын кайниси Ренат. Он чакты бээ күнүнө 4-5 маал саалат.

4
Ырысбек Элтуйбасовдун эки эркек, төрт кызы бар. Улуулары бойго жеткен. Кичүүлөрү дайым жайлоого чыгат.

5
Боз үйдөн анча алыс эмес жерден мөңгүлөрдү көрүүгө болот. Андан аккан суу журттун жанынан агып өтөт.

6
Советтик автоунаалар жайлоодо дале кызматта. Эски ПАЗ автобусу жатакананын ролун аткарса, бул УАЗ отун-сууну жаан-чачындан калкалайт.

7
Малга толгон өрүш.

8
Жайлоодо электр кубаты жок. Чайды самоорго кайнатып ичишет. Айрым учурларда газ колдонушат.

9
Үй-бүлөнүн кичүүсү - Калича.

10
Күн батареясы боз үйгө жарык берет жана уюлдук телефондорду кубаттайт.

11

12
Желедеги кулундар.

13
Жетим козу упчу менен сүт эмет.

14
Жайлоодогу муздаткыч же эт сактагыч.

15
Кой кайтарган күчүк.

16
Элтуйбасовдун кошунасы Канат менен Назиманын төрт эркек баласы.

17