Ишкер, жарандык активист Эрик Абдыкалыков Ысык-Көл облусундагы оорукана жана стационарларды кыдырып, коронавируска жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылаган дарыгер жана медайымдарды сүрөткө тартып, кыскача өмүр-таржымалдарын жазып, социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүп жатат. "Азаттык" автордун уруксаты менен ак халатчан өмүр сакчыларын бир сүрөтбаянга топтоду.