Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:42

Үзүлгөндү улайбыз, чачылганды жыйнайбыз


Билимдүүнүн көзү ачык деген сөз,

Элибизде тээ байыртан айтылган,

Кылымдарды карыткан кыргызымда,

Айтылбаган толтура сыр катылган.

Албетте, ар бир кесип ардактуу. Ар бир бала келечекте ким болорун өзү чечсе жакшы болмок. Бирок азыркы учурда жаш муундар окуп, билим алуу ордуна кымбат окуу жайга тапшырат, ал окуусун жөндөп окуп кетпестен же окуудан, же иштен жок отурат.

Ар бир баланын өзүнүн таланты болот эмеспи, мына ошол талантын көздөп кетпестен, ата-энеси же туугандары чечкен окууга окуп кетишүүдө. Анын таланты тебеленип жатканын эч ким ойлобойт. Ар бир бала өз келечегин өзү чечүүгө укугу барын эстен чыгарбашы керек.

Азыркы учурда Кыргызстанда кайсы кесип ээлерине талап күчтүү? Мен бул суроого мындай деп жооп берет элем. Адам кайсыл гана кесиптин ээси болбосун, ошол кесиптин майын чыгара аткарып, талыкпай эмгектенип, жаңы ачылыштарды киргизсе, ошол кесипке талап күчтүү болот. Ошол окуучу кийин Кыргызстандын керегине жараган инсан болуп чыгат.

“Ойчул ойлонгуча, тобокелчи тоо ашыптыр” дейт, адам бир нерсе кыларда кечке ойлонуп отура бербей аракет кылганы жакшы.

Мен азыр 9-классты аяктап жаткан кезим. Менин дагы башка бүтүрүүчүлөрдөй эле алдыга койгон максаттарым көп. “Максатсыз адам канатсыз куш” демекчи, келечек жаштардын колунда экенине ишенем. Үзүлгөндү улай турган, чачылганды жыйнай турган биз. Биз баарын өзгөртө алабыз. Ааламга кеткен жол айылдан башталат демекчи, баарыбызда акыл, ыйман, сабырдуулук, кайрымдуулук сапаттар болушу керек. Ушул сапаттарды өзүбүзгө жыйноо үчүн баарыбыз билим алуубуз зарыл.

Албина Мирлан кызы, Талас облусу, Талас району, Ак-Сай айылы

XS
SM
MD
LG