Быйыл республика боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң улан-кыз аяктады.
Абитуриенттер кесип тандай баштады
Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, эки күн талондор кабыл алынып, 11-июлда экземенге уруксат алгандардын тизмеси жарыяланат.