Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Алиппеге жүз жыл


Быйыл кыргыздын алгачкы алиппесине 100 жыл толуп отурат. Биринчи кыргыз алиппеси 1911-жылы Уфада жарыкка чыккан.

Кыргыз-казак балдарына арналган "Алифба йаки төте окуу" аттуу окуу китепти атактуу кыргыз агартуучусу Эшенаалы Арабай уулу Уфада окуп жүргөн кезинде казак студенти Хафис Сарсекеев менен биргеликте даярдаган. Китеп 1911-жылы 15-февралда “Шарк” басмаканасынан кыргыз-казак тилинде араб жазмасында жарык көргөн. Азыркы Алиппенин автору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рыспаев “Азаттыкка” маек куруп берди.

- Сулайман мырза, азыркы балдар сабатын жоюп жаткан Алиппе менен жүз жыл мурунку алиппенин айырмасы чоң болуш керек?

-Ушул учурдан пайдаланып, мен жалпы кыргыз элин улуу майрамы – китеп майрамы менен, китеп маданиятынын башаты менен куттуктап кетким келет. Анткени Алиппе китебинин 100 жылдыгы кыргыздын кыргыз болгонундагы эң улуу күн, бул китептин жаралышы китеп маданиятына өткөн эң алгачкы күн деп эсептейм. Бул күн биз үчүн, илим-билим үчүн мааниси чоң. Экинчиден, албетте алгачкы алиппе менен азыркы алиппенин айырмасы чоң. Алгачкы алиппени 1911-жылы Уфа шаарында окуган студент, ошол кездеги карапайым адам, кийинки муун үчүн улуу окумуштуу, чоң иштин жаратманы Эшеналы Арабаев атабыз жараткан экен. Элүү эки беттен турган китепке жетимиш төрт дарс киргизилген. Анда кыргыз менен казактын эски төл сөздөрү пайдаланылган. Бул китеп араб жазмасын өздөштүрүүнү жеңилдеткен "жадид усулунун" алкагында даярдалган.

- Мына ушул кыргыздын алгачкы окумуштуусу башат салып кеткен Алиппе китебинен миңдеген-миллиондогон кыргыздар сабатын жойгон, жоюп келе жатышат. Кийинчерээк, өзгөчө Совет доору урагандан кийин Алиппе китебинин сапаты начарлап кетти, балдарды тартпай калды деген дооматтар көп айтылып атты эле. Азыр абал кандай? Китепти балдарга кызыктуу түркүн-түстүү сүрөттөр менен, оңой окулуучу ырлар менен коштоп, кооздоп чыгаруу үчүн да көп каражат талап кылынса керек?

- Алиппе китеби Совет доорунда Орусиянын Букварь китебинин үлгүсүндө мыкты-мыкты үлгүдө чыгып келген. Кооз сүрөттүү, “Менин мекеним СССР” деген жазуулар, ырлар менен улуу, даңктуу китептердин башаты болуп келген. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин мүчүлүштүктөр болду, алгач эксперименталдык мүнөздө, сүрөтү жок, начар сорттогу кагазга басылып, бозоруп чыккан учурлар болгон. Кийинчерээк кыргыз балдарына өзүнүн эгемен өлкөсүндө кооз-кооз сүрөттөрү менен китептер керек деген максат менен 1999-жылы жаңыланган. Алиппе Москва аркылуу Финляндиядан басылып, эң кооз болуп чыгып келген. Мындай кооз китеп ага чейин деле кыргыз балдарына чыгарылган эмес болуш керек.

- Ошондон бери канча жолу жаңыланды? Деги эле Алиппени улам жаңылап туруу үчүн мамлекеттик бюджеттен канча акча каралат жылына?

- Мамлекет ар бир жылы жаңыдан мектеп босогосун аттай турган балдар үчүн жеткиликтүү тираж менен чыгарып турушу керек. Бирок кийинки жылдарда мындай мүмкүнчүлүк болбой келди. 2005-жылдан тартып Алиппе китеби мамлекет тарабынан чыгарылган жок. Аны авторлор ата-энелер, мектептер менен кеңешип, канча нуска зарыл болсо, улам-улам аз-аздан чыгарып келе жатабыз. Китеп баягыдай эле кооз, сүрөттүү, ырлары менен чыгып жатат. Китептин мазмуну кыргыз балдарынын мүмкүнчүлүгүнө жараша түзүлүп жатат, анткени акыркы жыйырма жылдан бери шаарларда да, айыл жерлеринде да бала бакчалар азайды. Ушундан улам балдар мектепке даярдыгы менен тамга таанып келип атат, кээ бир жерлерде даярдыгы жок келип атышат. Ошого жараша Алиппени өзгөртүп, жеңилдетип, “муундук анализ-синтездөө” деген ыкма менен кайрадан жаңылап, балдарга жеткиликтүү кылып, оңойлотуп чыгарып атабыз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG