“Билбейм, айтсамбы же айтпасамбы деп эки анжы болуп турам” дейт. Чечкинсиздикти билдирген мааниде.
“Күмөн” деген да сөз бар. “Ошол коюлган айыптан күмөн санап жатам” дейт.
“Бул айткандарыңдын күмөн жактары аябай эле көп окшойт” дейт. Биринчи сүйлөмдө "ошол айыптын чын экенинен шек санап жатам” дегенди айтса, экинчи сүйлөмдө “айткан сөздөрүңдүн чын-бышыгына ишенбей турам” дегенди билдирет.
Ушундай эле маанидеги дагы бир “арсар” деген да сөз бар.
“Менин сенин тоюңа барар-барбасым арсар” дейт. Бул жерде тойго барар-барбасын али чече электигин, барарына күмөн санагандыгын билдирүүдө.
Эми Жогорку Кеңештин сессиясында көп колдонулуп жүргөн “макул”, “каршы”, “калыс” деген сөздөргө көңүлүңүздөрдү буралы.
Акаевдин маалында Ысык-Көл менен Нарын облустарына тиешелүү Үзөңгү-Кууш жайлоосунун Кытайга өткөнү белгилүү. Ошондо депутаттар анын берилишине “макул”, “каршы” жана “калыс” деп добуш беришкен.
“Макул” деп добуш бергендер Кытайга берилишин колдогондор, “каршы” деп добуш бергендер каршы болгондор, ал эми “калыс” деп добуш бергендер тиягына да, быягына да кошулбагандар. Анан ошол “калыс” болгондордун позициясын эмне деген термин менен атайбыз? Же “калыс” деген туурабы?
Эгер чындап кунт коюп окуп көрсөк, Юдахиндин сөздүгүндөгү “калыс” деген сөздүн чечмеленишинде калпыстык бар сыяктуудай сезилет. Сөздүктө калыстык деген нейтралдуулук деп берилген. Ал эми биздин элдин түшүнүгүндө калыстык деген түшүнүк кылтыңдап, оюн так билдирбей, орто жолдо туруп калмайды же арасат калганды калыстык деп түшүнгөн эмес.
Муну баарыңыздар жакшы билесиздер. Тагыраак айтсак, Үзөңгү-Куушту “сатылбасын” дегенге караганда, так оюн билдиргенден коркуп, ортодо туруп калган адамды кантип “калыс” деп айтууга болот?
Ошондуктан “Азаттыктын” угармандарына, сөз маанисин жакшы билген жарандардын бардыгына, айрыкча депутаттардын өзүлөрүнө кайрылат элек. Балким Жогорку Кеңештин таблосундагы “калыс” деген сөздү “арсар” деген сөз менен алмаштырсак алда канча туура болуп жүрбөсүн? Кандай дейсиздер?