Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:12

Кыялдарың орундалчу күн да келет


Мезгил күзүнө тартып, айлана чыргоолонуп, канчалаган адамдар жылуу жактарга учуп бара жаткан куштар сыңары акыйкат, теңдик издеп бараткандай элес калтырган ушул күнү сенин түбөлүктүү элесиңе тартыла, жалындуу сөздөрүңө табындым.

Сенин жер бетинде өчкүс асыл кептериңди эки аралыктан: теңдикке жетүүгө умтулган канчалаган адамдардын аруу үмүтү жана акыры бир күн ошол адамдар күткөн теңдик келерине ишенүү менен карагым келди. Бул ажырагыс аралыктын соңун бүгүнкү күндөгү аёосуздук, бири-бирин басмырлоо, теңсиздиктин ордун акыры келип жер бетиндеги бардык адамзаты бир дагы өзүнө таандык белгиси менен айырмаланбай, баары теңдикте, эркиндикте жашай турган күн ээлерине терең ишенүү менен өзүң менен жүрөк түпкүрүнөн баарлашууну эңседим.

Бирок эч качан көксөгөн бул улуу баалуулуктар жөндөн-жөн келбейт. Ал үчүн күрөшүүдө кээде бир өмүр да аздык кылат. Буга сенин тагдырың айкын күбө. Карачы, бул адамзатынын башынан эмнелер гана өтпөдү. Жараткан тарабынан жазыксыз жаралган расасы, улуту же болбосо диний ишеними үчүн кара мүртөздөрдүн ур-токмогуна кабылып, тепсендисинде калды. Бейкүнөө набыт кеткен наристелер, жазыксыз аккан энелердин көз жашы, кырчындай кезинде кыйылган өмүрлөр, кудай тарабынан энчиленип берилген эркиндигине ээ боло албай кулчулуктун торуна түшкөндөр...

Адамзаты жарыкка келгенден бери бир гана нерсени: акыйкатты ар убак самап келет. Бул улуу күрөштө канчалары ага жетпей, анын курмандыгына айланышкан.

Ааламдашуу адымдап, адамзатынын билими ай чапчып баратканы менен, бүт дүйнөнү ээлеп алууну мелжеген ач көздүктү, ырайымсыздыкты, кара мүртөздүктү артка таштап айкөлдүктү, өзүнө каалаганды өзгөлөргө да каалоону өз шыбагасына энчилей албай келе жатат.

Сенин мындан жарым кылым мурда айткан таамай ар бир сөзүң чоң дарактын жалбырагын, ал жалбырактар сен курдуу эркиндикти, тең укуктуулукту эңсеген адамдардын элесин чагылдырат.

Аткан таңынан чыккан күнү бат өткөн азыркы алаамдашуу чеңгээлинде жашап жаткан бардык адамзатынын жер үстүндөгү ээлеген орду бирдей болбой, алдуулар алсызды, басмырлап биз мезгилде Сен ааламды жаңырта айтып кеткен асыл кебиңдин үлбүлдөгөн учкуну жазыксыз жеринен кордук көрүп карайлаган жүз миңдеген, балким миллиондогон адамдардын аруу тилегине айланып, акыры ошол күн келерин бөркүндөй көрөт.

Сенин калтырып кеткен жалындуу сөздөрүң канчалаган үшүгөн жүрөктөрдү жылытат. Өзүң айткандай акыйкатта “көрө албастык көрө албастыкты жок кыла албайт - жок кылуу сүйүүнүн колунан келет”. Эгерде кордук көрүп, эркиндикке жетпей жүргөндөр ага жеткенден кийин так өздөрүндөй жооп жасаса, анда эч качан тынчтыктын, тең укуктуулуктун желеги желбиребейт.

Сенин эркиндикке жетүүнү эңсеген элди муюта айткан сөзүңдөн кийин, жан дүйнөлөр ойгонуп, жыл айланбай АКШ Конгресси жарандык укук жөнүндө мыйзам кабыл алуусуна өбөлгө түздү. Сенин бул сөздөрүң азаттыктын туусун кармап, бүткүл жер шаарындагы эркиндиктин даамын али тата элек адамзатынын жан дүйнөсүнө тең укуктуулуктун үрөнүн чачарына ишенем. Асмандагы күн, ай, жылдыздар, дегеле аалам эркин болуп, бири-бирин улаган сыңары, ошол ааламдагы бардык адамзаты бири-бирине эркиндикти тартуулап, бири-бирин жөлөп-таячу күндөр алыс эмес.

Сенин кыялдарың кыргыз кыялынын кыл чабытында

Сенин жүрөк түпкүрүнөн кайра-кайра ааламды жаңырта эркиндик, тең укуктуулук тууралуу айткан сөздөрүңдү кыргыз менталитети менен жууруганда окчун деле айырмачылык жок. Анткени кам сүт эмген пенде затынын бир ууч бөлүгү болгон кыргыз эли да эркиндик үчүн эмнелерди гана башынан өткөрбөдү. Кээ бирөөлөр үчүн түш, кээ бирөөлөр үчүн күткөн арзуусу болгон эгемен-эркиндик капилеттен колго тийди. Көз карандысыздыкты алгандан кийинки башка оомал-төкмөл оош-кыйыштарды айтпаганда да бул өлкөдө улут аралык мамиле абдан назик бирден-бир меселе экендиги бир эмес, эки ирет тастыкталды. 1990-жылы болгон окуядан 20 жыл өткөндөн кийин каргаша дагы кайталанды. Болгондо да масштабдуу болуп, чоң жоготуулар менен коштолду.

Коомдогу болуп жаткан ар бир карама-каршылык кечээ же бүгүн пайда боло калган кайсы бир жек-жааттыктын жыйындысы эмес. Акыркы убактарда колунда барлар менен колунда жоктордун ортосунда, уруулар ортосунда, улуттар ортосунда, муундар ортосунда, керек болсо, аял-эркектер ортосунда көзгө көрүнбөгөн, бирок жүрөк менен туюуга мүмкүн болгон ажырымдар пайда болду. Алардын айрымдары жарылууга алып келди. Бул ажырымдардын эң назиги - улуттар ортосундагы мамиле.

Кара өзгөй күчтөр өз мүдөөсүн ишке ашыруу максатында этникалык азчылыкты колдоо саясатын колдонушту. Алар кайсы кнопканы басканда, кайсы талылуу маселеден от тутанарын ийне-жибине чейин өздөштүргөн. Бир эмес, эки ирет жүз берген улут аралык касташуунун сабактары элибиз айткандай “жамандыкты жакшылык жеңди” же болбосо сен айткандай, “көрө албастык көрө албастыкты жок кыла албайт - жок кылуу сүйүүнүн колунан келгендигин” тастыктады.

Сен күткөн күн келерине ишенем

Жер шаарындагы бүткүл адамзаты, бардык улуттар, бардык дин тутуучулар бир үй-бүлөдөй очор-бачар болуп, бири-бири менен кол алышып, кол беришип түбөлүк жашап каларына ишенем. Анткени сенин сөзүң жашап турганда, ага үмүт байлаган адамдар аёосуздук, кодулоо, басмырлоо алар үчүн жат нерсе экенин сезишип, Жер Энени байырлап турган пенде заты бирдей экенин, баары тең укуктуулукта, биримдикте жашоого акысы бар экенин жүрөк түпкүрүнөн сезишет. Ошондо сен жетпеген, бирок сенин дооруңдагы жана сенден кийинки адамзатынын көксөгөн үмүтү – эркиндик, тең укуктуулук келип, өзүң айтмакчы жер шаарынын ар бир шаар, айыл, көчөсүндө бул улуу символдордун одасы жаңырат. Мына ошондо сенин улуу кыялдарың ишке ашканын, сенин түбөлүктүү руханий дүйнөң түпкүрдөн сезип, буга чейин эркиндикке, теңдикке жетпей аккан көз жаштардын, көргөн кордуктардын, кыйылган өмүрлөрдүн кегин тек гана күлүмсүрөө менен алат. Анткени так мына ошондо сенин кыялдарың чындык босогосун аттап, орундалат.

Назгүл Бостонбаева, Бишкек шаары
XS
SM
MD
LG