Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Бир күн келет...


Бишкек шаары
Бишкек шаары
Мындан 50 жыл мурун Американы гана эмес, бүтүн дүйнөнү дүңгүрөтүп, Мартин Лютер Кинг тарыхта кала турган кайрылуу жасаган.

Мартин Лютер Кинг өз убактысынын көрүнүктүү укук коргоочусу, гуманист жана космополит адам катары белгилүү.

Мартин Лютер Кингдин күч менен эмес, сөз аркылуу мындан ары афроамерикалыктардын укугу тепселенүүсү мүмкүн эместигин коомго жеткирүүгө замандаштарын чакырган. Ал узакты көрө билип, ак жана кара болуп бөлүнбөгөн убакыт келерине ишенген.

Азыркы убакта Барак Обама Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуп экинчи мөөнөткө шайланганы чыныгы демократиянын салтанаты десек жаңылышпайбыз.

Акыркы жылдарда өлкөбүздө болуп жаткан окуялар адамды кейитпей койбойт экен. Карапайым калк кээ бир “саясатчыларга” ишенип, алданып, алардын колунда оюнчук болду. Революциялар эки президенттин автократиялык башкаруусун жок кылды. Кыргыздар түпкүрүнөн эле эркиндикти, эгемендикти, адилеттүүлүктү сүйгөн калк болуп келген. Ата-бабаларыбыз эркиндигине коркунуч жараткан нерселерге каршы дайыма тайманбай күрөшкөн.

Бизде дүйнө элдеринде жок, уникалдуу "көчмөн демократиясы" болгон. Көңүлү ачык, меймандос кыргыз элим эч качан орус, өзбек же башка улут деп бөлгөн эмес. Кыргыз эли эч качан бири-бирин алдап, тоноп, кыйын абалда таштап кеткен эмес. Элибиз байыртадан эле аялзатын сыйлаган, кемсинтип же болбосо укугун тепсеген эмес. Мындай терс көрүнүштөр акыркы убакта коомубузда күч алып баратат. Бирок бир күн келип, элибиз бул жаман адаттардан арылат деп мен баары бир ишенем…

Мен ишенем, бир күн келип, Кыргызстанда адилеттүүлүк өкүм сүрөт. Коомдун маданий, саясий, илимий деңгээли жогорулайт. Коррупция, бийлик талашуу, митинг, пикет, жол тосуу, жер басып алуу деген нерселерди балдарыбыз тарых барактарынан эле биле алат. Адамдар саясатка акча же атак-даңк үчүн эмес, өлкөгө бир пайда алып келсем деген максатта бара турган убакыт келет. Элибиз тынч жашап, өнүгүп, бактылуу болот.

Мен ишенем, бир күн келип өлкөбүздө бардык улуттар достукта, ынтымакта жашап калат. Бир айылда бир улут, экинчи айылда башка улут болбой, баары чогуу, аралашып жашайт. Бири-бирин жек көрүп, жаман көрбөй, улуттар болуп бөлүнбөй, баары кыргызстандыктарбыз деп сыймыктанып жашайт.

Мен ишенем, бир күн келип өлкөбүз өзгөчө, өзүнө туура келген өнүгүү жолун табат, экономикабыз калыбына келет. Кыргызстандыктар чет элге барып, кыйналып иштебейт жана кор болбойт. Үйүндө калып, шаарларды курат, бийик-бийик, асман тиреген имараттарды тургузат. Ишканаларыбыз болсо ийнеден баштап, ракетага чейин чыгарат. Кыргызстандын мисалын дүйнө окумуштуулары үйрөнүп, изилдейт.

Бүгүн биз өнүгүүдө аксап турабыз, бирок ошентсе да Кыргызстаныбыздын келечеги кең жана жаркын деп ойлойм. Жаңы өсүп келаткан муунду көрүп өзгөчө кубанам: көптөрү чет элден билим алып, дүйнөлүк чоң компанияларда иштешет. Ал мекендештерибиздин тажрыйбасы келечекте өлкөбүзгө чоң жардам бере алат.

Эң негизгиси, ар бирибиз өнүгүү жолуна өз салымыбызды кошуубуз зарыл. Адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоп, мыйзамды жогору тутуп, демократиялык принциптерди кармансак албетте өнүгөбүз. Мен ишенем!

Канатбек Абдиев
XS
SM
MD
LG