Төрөтканада сатылган ымыркайлар
Ушул жылдын сентябрь айында милиция жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатып жүргөн дарыгерлердин тобу кармалганын жарыя кылды. Тергөөнүн алдын ала маалыматтары боюнча уюшкан топ 2016-жылдан бери ар кандай шартта баласынан баш тарткан аялдардын наристелерин чоочун адамдарга берип жүрүшкөн. Коомчулукту сестенткен окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам сатуу" (124) беренеси менен алты жаранга айып угузулду. Алардын бешөө камакка алынып, жакында эле бир дарыгердин беренеси “кылмышты жашыруу” деп өзгөртүлүп, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Ал эми дагы бир адам ооруп жатканына байланыштуу айыбы угузула элек экен. Ички иштер иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылдан бери бала сатуу окуясы боюнча 20 кылмыш иши козголуп, анын 14 сотко жеткен. Соттон кандай чечим кабыл алынып, жазасын алгандардын так саны жок. Адисттер азыркы окуялар ачыкка чыгып калган факты экенин, болбосо мамлекеттик төрөтканаларда, көмүскө жайларда “ымыркай соодасы” гүлдөп жатканын айтып келишет.
Чыгарылыштар
- 
![Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар]() Декабрь 23, 2022 Декабрь 23, 2022Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
- 
![Чаткал: чачылган чачыранды алтын]() Декабрь 13, 2021 Декабрь 13, 2021Чаткал: чачылган чачыранды алтын
- 
![Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар]() Ноябрь 19, 2021 Ноябрь 19, 2021Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
- 
![Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт]() Февраль 09, 2021 Февраль 09, 2021Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт
 
 
 
 
 
 
 
 
 
