Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Комиссия: Пирматовду жоопко тартууга негиз жок


Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовду жоопкерчиликке тартуу үчүн кол тийбестик макамын алуу боюнча түзүлгөн комиссия депутатты кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок.

Комиссия мүчөлөрү Башкы прокуратуранын Пирматовду кол тийбестигинен ажыратууга далилдерин жетишсиз деп тапты. Бирок депутаттык комиссияга кирген “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары өзгөчө пикир менен чыгып, Пирматовдун коррупциялык иштери үчүн жоопкерчиликке тартылышын талап кылууда.

Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Исхак Пирматовду кылмыш жообунан коргогон чечимди депутатка козголгон иштин негизсиздиги менен түшүндүрүшүүдө. Комиссияны жетектеген КСДП фракциясынан депутат Галина Скрипкинанын маалымдашынча, Башкы прокуратура бул иш боюнча депутаттарга жетиштүү далилдерди сунуштай алган эмес:

- Башкы прокуратура бизге берген негиздемесинде Пирматовго байланышкан факттар далилденген жок. Биз эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгабыз. Биздин комиссиянын алдына бул иш менен таанышып, справка даярдоо милдети коюлган эле. Биз аны даярдап, эми депутаттардын кароосуна коюп жатабыз. Алар чечим кабыл алышы керек. Ал эми Башкы прокуратура көрсөткөн фактылар далилденген жок.

Башкы прокуратура бул боюнча эч кандай расмий билдирүү тарата элек. Бирок буга чейин башкы көзөмөлдөөчү орган Исхак Пирматов 2008-2010-жылдар аралыгында Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ишканасын жетектеп турганда коррупциялык аракеттерге жол берип, мамлекетке 258 миллион сомдук чыгым алып келгенин билдиришкен.

Ал ортодо Исхак Пирматов мүчө болгон “Республика” фракциясы депутаттык комиссиянын жыйынтыгы жарыяланаар замат депутат кол тийбестик макамынан ажырабайт деп билдирүү таратышты. Алардын жүйөсүндө, депутаттык комиссия Исхак Пирматовдун ишинен мыйзам бузуу таппаган соң, парламент мындай чечимди колдобошу керек. Бул тууралуу аталган фракциянын маалымат катчысы Улан Исакбеков төмөнкүлөрдү билдирди:

- Бул комиссия эки жумадан ашык иш алып барды. Бул убакыт ичинде Пирматовго коюлган күнөөлөрдү козголгон беренелерге туура келеби, бул кишинин ишиндеги мыйзам бузуулар карап чыгышты. Бирок эч кандай далил таба алышкан жок. Ошондуктан кылмыш иш козгоого негиз жок деген жыйынтык чыгарышты.

"Карга карганын көзүн чокубайт"

Анткен менен депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү "Исхак Пирматов кол тийбестигинен ажырабайт" деп так кесе жыйынтык чыгаруу али эрте экенин билдиришүүдө. Маселен, комиссиянын мүчөсү, “Ар-намыс” фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, комиссия тыянагы акыркы чечим эмес:

- Бул тыянакты ошол 10 депутаттын тергөөчү менен жолугушуусу жана бир катар документтер менен таанышуусунан кийинки эле кеңеш берүүчү документ катары санасак болот. Ошондуктан муну акыркы чечим деп айта албайбыз. 120 депутат бул комиссияга макул болбой, аларда ишеним жарата албаса, бул чечим өзгөрүшү мүмкүн. Мындан улам Пирматовдун ишине чекит коюлду деп айтуу эрте.

Ошол эле учурда мындан бир апта мурун Исхак Пирматовдун кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун колдогон “Ата Мекен” фракциясынын 2 депутаты комиссиянын жыйынтыгына макул болбой өзгөчө пикирде экенин жар салышкан. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Пирматов коррупциялык иштери үчүн жазаланышы керек деген позицияны аягына чейин карманаарын билдирүүдө:

- Кыргызстандагы коррупциялык иштердин эң айкыны, масштабдуусу “Кыргызнефтегаз” ишканасынын айланасындагы иштер болуп эсептелет. “Ата Мекен” партиясы бул ишти башынан аягына чейин билет, иштин козголушунун демилгечилеринен болгонбуз. Биз ишти тастыкталган, далилденген деп эсептейбиз. Мындай коррупциялык иштерге аралашкан ал кездеги жетекчилер өз жазасын алышы керек. Болбосо, коррупцияга каршы күрөш кагаз жүзүндө гана болуп калат. “Карга карганын көзүн чокубайт” деп депутаттар депутатты коргоп, эч кимди жоопко тартпасак анда коррупцияга жеңилебиз.

Исхак Пирматовго козголгон кылмыш ишин айрымдар коррупцияга каршы күрөш башталган бери бийликтин айланасындагы адамга азуу салуу катары баалап жатышкан эле. Себеби Пирматов премьер-министр Бабановдун “Республика” партиясынын таасирдүү мүчөсү жана премьер-министрдин кадры катары таанылган эле.
120 депутат бул комиссияга макул болбой, аларда ишеним жарата албаса, бул чечим өзгөрүшү мүмкүн. Мындан улам Пирматовдун ишине чекит коюлду деп айтуу эрте.

Эми депутаттын жоопкерчиликке тартылышына парламенттин уруксат бербеши коомдо ара кандай пикирлерге жол ача баштады. Айрымдар, муну Акаев, Бакиев учурунан бери колдонула жүргөн коррупцияга каршы күрөш деп, бири-эки адамга иш ачып, аны кайра жаап коюунун жолоюна түштү деп баалашууда.

Башкы прокуратура органынын ардагери Кубатбек Кожоналиев Пирматовго байланышкан иштин мындай таризде өнүгүшүн прокуратура кызматкерлеринин чабалдыгы менен түшүндүрөт:

- Бул органда ишти билбеген адамдар отурат. Иштин жөнүн билген адамдар болсо башкача болмок эле. Алар саясий оппоненттерге козгогондой эле шыр-шыр козгоп жиберсе жыйынтык кандай болмок эле? Коррупцияга күрөш деп эле ишти чала-була изилдеп алышып, козгоп киришти. Мындай жол менен сотко барса деле жеңилет. Мындай жол менен Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөш деген саясатына түп-тамырынан балта чабышат.

Исхак Пирматов Башкы прокуратура иш ачкан биринчи депутат эмес. Буга чейин Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев жана анын фракциялаштары Нариман Түлеев, Нурлан Сулаймановго мурда козголгон кылмыш иштери жанданып, тергөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болгон. Бирок Башкы прокуратура бул депутаттардын кол тийбестигин алуу боюнча парламентке кайрыла элек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG