Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:48

Жаран, жашооңо көз чаптырчы


Катаал жолду басып келген кыргыз эл,
Майтарылып сынбай келген кайрат эл.
Канча сыноо баштарынан кечсе да,
Алга сүрөп жашап келет кыргыз эл.

Жүрдү элим орустардын ичинде,
Баары даяр, жашады коммунизмде.
Жылда, сөзсүз, тапкан малын тапшырып,
Жүрчү эле ССРдин четинде.

Эркин жүргөн кыргыз элим батынбай,
Алды элим көз карандысыздык өзүнө.
Максатына жетип элим сүйүндү,
Конституция өз колуна тийгенде.

Тийди укук, теңдик дагы элиме,
Чыкты элим туу көтөрүп жеринде.
Алды дүйнө камтып аны койнуна,
Эми гана каз-каз басып бергенде.

Тамтаңдаган жаш баладай өлкөбүз,
Талпынып бир учкандай кушка айланды.
Талыкпастан эмгектенип элибиз,
Тоо бооруна жакшы уяга батынды.

Жашайт элим тоо боорунда сайраңдап,
Кеңири учуп ар жактарда тайраңдап.
Жашайт элим күнүгө эле майрамдап,
Капитал деп топтоп калат мойпоңдоп.

Көз чаптырсаң кыргыз элдин тагдырын,
Болбоптур го мындай жашоо элимде.
Карапайым сүйлөй алат съезде,
Ажолор да тыңдап угат кез-кезде.

Ар биринде турат үйдө машине,
Бирден эмес экиден го кеминде.
Карасаңчы кыргыз элим кайрылып,
Кандай сонун жашоо турат өзүңдө.

Базар экономикага баш от менен кириштик,
Кадам сайын соода түйүн ар жерде.
Талон алып турбайсың го кезекте,
”Бөлкө жок” деп кайгырбайсың кыргыз э!

Жеттик окшойт бул да болсо деңгээлге,
Тең келебиз тээ жактагы элдерге.
Ак эмгектен адал турмуш өткөргүн,
Көтөрүлөт өлкөбүз да бийикке.

Нааразыбыз мындай дагы турмушка,
Не жетишпейт жакшы жашоо сүрүүгө?
Сен эмгектен, көңүлүңдү түз коюп,
Берди сага кудай сага сонун береке.

Колдо турат: өз тагдырың өзүңдө,
Кайда бурсак жашоо бурган нугунда.
Келгилечи бирге дагы өнүгүп,
Келеличи бир бүтүнгө биригип!

Терең урматтоо менен Жусупова Элиза
Алай району, Гүлчө айылы
XS
SM
MD
LG