Төрөкул Айтматов Сталиндик репрессияга кабылганга чейин Ош шаарында жашап, Араван Бура райкомунун биринчи катчысы болуп үч жыл иштеген экен. Ошол учурда 4-5 жашка чыккан Чыңгыз Оштогу №1 бала бакчада ондогон орус балдар менен бирге тарбияланган. Айтматовдор жашаган үй кийин кинофикация мекемеси болуп калган. Оштогу киночулар ал үйдүн бир бөлмөсүн Чыңгыз Айтматовдун үй музейи кылып коюшкан.
Ош: Айтматов барган бала бакча
Чыңгыз Айтматовдун балалык изи Ошто да калганын көпчүлүк биле бербесе керек.
1
Чыңгыз Айтматов атасы Төрөкул Айтматов жана апасы Нагима Айтматова менен.
2
Төрт жаштагы Чыңгыз астыңкы катарда солдон бешинчи. Жалаң орус балдар арасындагы саналуу кыргыз балдардын бири экени көрүнүп турат.
3
Чыңгыз Айтматовдун тарбиячысы көзү тирүү кезинде Чыңгыз тарбияланган №1 бала бакчанын балдары менен маектешип отурат.
4
Чыңгыздын ата-энеси Төрөкул менен Нагима.
5
Чыңгыз Айтматовдун өзү тарбияланып кеткен №1 бала бакчага жазган телеграммасы.
6
Чыңгыз Айтматов баласы Элдар менен.
7
Чыңгыз Айтматов кызы Ширин менен.
8
"Ак-Кеме" тартылып жаткан учур.
9
"Ак-Кеме". Нургазы менен Момун чал.
10