Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:39

10-июнда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнө салганына беш жыл болду. Бул күнү окурмандар менен Айтматов таануучулар жазуучунун адабий мурастарын жана алардын барк-баасын кайрадан кепке алышты.

Чыңгыз Айтматовдун жарык көрө элек жаңы чыгармалары бар экендиги тууралуу маалыматты алгачкылардан болуп коомчулукка анын кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова былтыр айтып чыккан эле. Ал атасынын архивдик материалдарынын ичинде “Жер жана флейта” романы бар экендигин, редакторлордун кароосунан өтсө бир жыл аралыгында окурман колуна тийип калуу ыктымалдыгы да бар экендигин “Азаттыкка” берген интервьюсунда белгилеген.

Көмүскөдөгү кол жазма

Арадан бир жыл өткөндөн кийин жазуучунун жубайы, Айтматов фондунун төрайымы Мария Айтматова аталган романдын быйыл чыгар-чыкпасы тууралуу так кесе айта алган жок. Ал эмес редакторлордун кароосуна да бергиси келбей тургандыгын белгилеп, бирок окурмандын колуна жеткирүүгө аракеттенип жаткандыгын кошумчалады:

- Билесизби, оор болуп жатат. Кимдир-бирөөгө бергенден да чочулайсың. Сиз кол жазмаларын сатып жиберген турбайсызбы, үйдү сатып ийген турбайсызбы, башка кылган турбайсызбы деген сыяктуу дооматтар көп айтылат. Ушул өндүү ушактардан коркуп атабыз. Биз эч нерсени саткан жокпуз, биз коруп, коргоп отурабыз.

Мария Айтматова орус тилинде жазылган “Жер жана флейта” романы редакциялоого муктаж деп эсептебейт, жазуучунун стили бузулуп калат деп чочулайт. Анткен менен адабиятчылар, Айтматов таануучулар жазуучунун жарык көрө элек чыгармалары сөзсүз түрдө мыкты стилисттердин, редакторлордун кароосунан өтүшү керек деген көз карашты тутунушат.

Мындай пикирлерге Айтматовду изилдөөчү окумуштуулардын бири Абдылдажан Акматалиев да кошулат:

- Таанышайын деп эле атам. Бирок үй-бүлөсү алып чыга элек. Аны карап, калемсабы тийгенби, өзүнүкүбү - өзүнүкү эмеспи аныкташ керек, мазмунун, стилин, багытын караш керек. Азыр кол жазма менен эч ким тааныша элек. Үй-бүлөсү гана билет.

Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиевдин ишениминде, жазуучунун мурастарын сактоо, даңазалоо, муундан муунга өткөрүү жалпы улуттун, мамлекеттин милдети. Жазуучунун утурлап келаткан 85 жылдык мааракеси да дал ушул нукка бурулушу керек деп эсептейт.

Аталган институт азыр элчиликтердин жардамы менен Айтматовдун чыгармалар жыйнактарын орус тилинде чыгарууга камынып жатат. Мааракенин алдында ал жыйнактар Орусиянын мектептерине бекер таратылмакчы. Айтматовдун чыгармаларын даңазалоонун жолун азыр окумуштуулар Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги интеллектуалдык саммит өткөрүүдөн, Айтматов борборун негиздеп, ага жазуучунун дүйнөнүн 180 тилинде чыккан чыгармаларынын нускаларын топтоодон да көрүп жатышат.

"Эстебесе гений да эстен чыгат"

Ушул жылдын этегинде белгиленери күтүлүп жаткан 85 жылдык мааракенин алкагында бул өңдүү демилгелер канчалык деңгээлде ишке ашары али белгисиз. Жазуучунун мааракесин уюштуруу комитетинин башында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев турат, бирок Мария Айтматова уюштуруу комитеттен кайрылгандар боло элек дейт.

Ал эми Айтматов фонду болсо мааракенин алдында Чоң-Арыктагы Чыңгыз Айтматовдун үйүндө музей ачуу максатын көздөөдө. Бул менчик үй ээлеп турган аянттын бир ыптасы мамлекеттик резиденцияга караштуу болгондуктан, аны менчикке пайдаланууда да маселе чыгып жаткан түрү бар. Ошол эле мезгилде маркумдун сөөгү жаткан "Ата-Бейиттеги" эстеликтин аликүнчө бүтпөй жатышы да ар кандай түкшүмөлдөргө жем таштап турган кез.

Анткен менен “Жамиля”, "Ак кеме” сыяктуу дүйнөлүк таанымдагы чыгармаларды жараткан Айтматов феноменин чет элдик талдоочулар улам жаңы кырынан иликтөө менен алек. Алардын бири, америкалык изилдөөчү Жеф Лили Айтматовдогу даанышмандыкты өз элине сиңирүү кыялы менен жашап, изденип жүрөт. Ушу тапта Кыргызстанда жүргөн Жеф Лили "Азаттыкка" буларды айтты:

Жеф Лили Чыңгыз Айтматов менен Ысык Көлдө

- Мен азыр анын өмүрү жөнүндө материал топтоп жүрөм. Анын өмүрү - Советтер Союзунун башталышы жана бүтүшү. Ал режимге каршы ачык күрөшпөсө дагы, ал атасын таба албаса дагы, акыйкаттыкты табууга жетишти. Жеңил болбосо дагы, ал көз карандысыз Кыргызстандын башталышын көрүп калды. Айтматов тарыхтын бир баскычы.

Жеф Лили Айтматовду даанышмандыгы менен таң калтырган тарыхтын бир этабы деп эсептесе, окумуштуу Абдылдажан Акматалиев жазуучуну улуттук идеал деп санап, анын мурастарын идеалдаштыруу аркылуу коомго сиңирүү керек дейт:

- Беш жылдан бери биз Айтматовго эч нерсенин кереги жок, Айтматовдун аты өзү эле калат деп келатабыз. А бирок кийинки муунга баары бир жеткиришибиз керек да. Улам айтып турушубуз керек. Мисалы, өзү мага “генийлерди да айтып турбаса унутулуп калат” деп айткан. Мына, ушу бүгүн эскерилип жаткан Төрөкул Айтматов боюнча өкмөттөн токтом чыккан жок. Коом саясатташып, колунда байлыгы, бийлиги барлар мындай иш-чараларды өткөргөнгө сонун шарт түзүп алып жатышат.

Ошентип беш жыл мурда көзү өткөн улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун ааламы кыргыз коомчулугунун эсине 10-июнда кайрадан түштү. Жазуучуну илимий, адабий, маданий чөйрө бул ирет анын атасы Төрөкул Айтматов менен чогуу эскеришип, конференция өткөрүштү. "Ата-Бейит" мемориалдык комплекстеги ата-бала айтматовдордун арбагына куран окушту. Репрессиянын курмандыгы, белгилүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов быйыл 110 жашка, ал эми алп жазуучу Чыңгыз Айтматов быйыл 12-декабрда 85 жашка чыкмак.

Айтматовдун "Азаттыкта" алгач жарыланган сүрөттөрү

Айтматовдун жарыяланбаган сүрөттөрү

Чыңгыз Айтматов дипломаттык кызматты аткаргандан башка да чыгармачылыгын эч качан токтоткон эмес. Жазуучу элчиликтеги иш ордунда кол жазмаларын карап отурган кез. Брюссел, 2000-жылдардын башы.
1/12 Чыңгыз Айтматов дипломаттык кызматты аткаргандан башка да чыгармачылыгын эч качан токтоткон эмес. Жазуучу элчиликтеги иш ордунда кол жазмаларын карап отурган кез. Брюссел, 2000-жылдардын башы.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Чыңгыз Айтматов магнолия гүлдөгөн кезде. Дипломат-жазуучу гүлбакта күн алыс болсо да, гүлдөрдү эми көргөндөй суктанган.  Брюсселдин парктарынын бири. 2003-жыл.
2/12 Чыңгыз Айтматов магнолия гүлдөгөн кезде. Дипломат-жазуучу гүлбакта күн алыс болсо да, гүлдөрдү эми көргөндөй суктанган.  Брюсселдин парктарынын бири. 2003-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Жазуучу-диломат Чыңгыз Айтматов өзгөчө жаз жана күз айларында табияттын кубулушун байкап, эс алганды жакшы көргөн. Мына ошондой  ажайып күндөрдүн биринде жазуучуну ой басып турат. Брюссел,  2000-жылдардын башы.
3/12 Жазуучу-диломат Чыңгыз Айтматов өзгөчө жаз жана күз айларында табияттын кубулушун байкап, эс алганды жакшы көргөн. Мына ошондой  ажайып күндөрдүн биринде жазуучуну ой басып турат. Брюссел,  2000-жылдардын башы.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Орусиялык таанымал тележурналист Владимир Молчанов Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдыгына арналган телепрограмманы тартуу учурунда жазуучу менен маектешүүдө. Кыргызстандын Брюсселдеги элчилиги, 1998-жыл.
4/12 Орусиялык таанымал тележурналист Владимир Молчанов Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдыгына арналган телепрограмманы тартуу учурунда жазуучу менен маектешүүдө. Кыргызстандын Брюсселдеги элчилиги, 1998-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Владимир Молчановдун зайыбы Консуэлла Сегура, Чыңгыз Айтматов жана В. Молчанов Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинин адеми залында даам татып отурушат.  Дасторкон үстүндө Ч. Айтматовдун 70 жылдыгына арналган телеберүүнүн деталдары да сүйлөшүлгөн. Белгия, 1998-жыл.
5/12 Владимир Молчановдун зайыбы Консуэлла Сегура, Чыңгыз Айтматов жана В. Молчанов Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинин адеми залында даам татып отурушат.  Дасторкон үстүндө Ч. Айтматовдун 70 жылдыгына арналган телеберүүнүн деталдары да сүйлөшүлгөн. Белгия, 1998-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Владимир Молчанов Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдыгына байланыштуу программаны Брюсселдин ортолугундагы Гранд палас аянтында тартып жаткан учурдан бир элес. Белгия, 1998-жыл.
6/12 Владимир Молчанов Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдыгына байланыштуу программаны Брюсселдин ортолугундагы Гранд палас аянтында тартып жаткан учурдан бир элес. Белгия, 1998-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Ибрагим Бакиров Чыңгыз Айтматовго дипломат-жазуучунун эми гана жасалып бүткөн чопо айкелин  көрсөтүүдө. Брюссел, 1998-жыл.
7/12 Ибрагим Бакиров Чыңгыз Айтматовго дипломат-жазуучунун эми гана жасалып бүткөн чопо айкелин  көрсөтүүдө. Брюссел, 1998-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги элчиликтин короосунда бедизчи Тургунбай Садыковдун "Жылкычы"  деген эмгегинин алдында турат. Брюссел, 2000-жылдардын башы.
8/12 Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги элчиликтин короосунда бедизчи Тургунбай Садыковдун "Жылкычы"  деген эмгегинин алдында турат. Брюссел, 2000-жылдардын башы.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Чыңгыз Айтматов табиятка чыгып, сейилдеп  жүрүп, көлдөгү өрдөктөргө жем таштоодо.  Брюсселдин парктарынын бири. 2003-жыл.
9/12 Чыңгыз Айтматов табиятка чыгып, сейилдеп  жүрүп, көлдөгү өрдөктөргө жем таштоодо.  Брюсселдин парктарынын бири. 2003-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Мурдакы СССРден жана башка дүйнө өлкөлөрүнөн Брюсселге келген таанымал коноктор, чыгармачыл инсандар, Белгияда иштеген дипломаттар жана башка расмий адамдар Чыңгыз Айтматовго кездешип, ойчул жазуучу менен баарлашып турушчу.  Орусиялык белгилүү иоимпоз, академик Петр Капица жана Чыңгыз Айтматов. Брюссел, 2000-жылдардын башы.
10/12 Мурдакы СССРден жана башка дүйнө өлкөлөрүнөн Брюсселге келген таанымал коноктор, чыгармачыл инсандар, Белгияда иштеген дипломаттар жана башка расмий адамдар Чыңгыз Айтматовго кездешип, ойчул жазуучу менен баарлашып турушчу.  Орусиялык белгилүү иоимпоз, академик Петр Капица жана Чыңгыз Айтматов. Брюссел, 2000-жылдардын башы.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Чыңгыз Айтматов магнолия гүлдөгөн кезде. Дипломат-жазуучу гүлбакта күн алыс болсо дагы гүлдөрдү эми көргөндөй суктанган.  Брюсселдин парктарынын бири, 2003-жыл.
11/12 Чыңгыз Айтматов магнолия гүлдөгөн кезде. Дипломат-жазуучу гүлбакта күн алыс болсо дагы гүлдөрдү эми көргөндөй суктанган.  Брюсселдин парктарынын бири, 2003-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги Кыргызстандын элчилигинин имаратындагы очоктун боюнда эс алып отурган кези, 2000-жылдардын башы.
12/12 Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги Кыргызстандын элчилигинин имаратындагы очоктун боюнда эс алып отурган кези, 2000-жылдардын башы.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Артка
Алдыга
• 16x9 Image

Бурулкан Сарыгулова

"Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG